2024-жылдын январь-апрель айларындагы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жалпысынан экономикалык өсүштүн оң динамикасын көрсөттү жана жыл башынан бери туруктуу оң динамикасын көрсөттү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2024-жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 341,7 млрд. сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107,4 %ды (2023-жылдын январь-апрелинде – 102,1 %) түздү.
Иш жүзүндө экономиканын бардык тармактарында оң динамика байкалып, көрсөткүчтөр төмөнкүдөй: курулушта өндүрүштүн көлөмү 1,5 эсеге, тейлөө чөйрөсүндө – 6,6 %га, өнөр жайда – 2,5 %га, айыл чарбасында – 2,1 %га өстү.
2024-жылдын январь-апрель айларындагы экономикалык өсүш, негизинен, кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлорундагы көлөмдөрдүн көбөйүшү менен шартталган.
Өнөр жай продукциясын дүң өндүрүүнүн көлөмү январь-апрель айларында 154,7 млрд. сомду түздү жана 2,2 %га көбөйдү (2023-жылдын январь-апрелинде өсүш 3,9 %ды түзгөн). Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларын 31,0 %га, жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин - 28,7 %га, текстиль өндүрүшүнүн, кийим өндүрүүнүн - 19,6 %га, фармацевтикалык продукцияларды, тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн - 18,2 %га, ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн көлөмүнүн - 3,6 %га көбөйүшү менен касыздалган.
Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө эң жогорку үлүшкө ээ болгон кайра иштетүү өнөр жайында (71,4 %) 2024-жылдын январь-апрель айларында өндүрүштүн көлөмү 110,5 млрд. сомду түздү, ал эми, физикалык көлөмдүн индекси 2023-жылдын январь-апрелине карата 102,2 %ды түздү.
Пайдалуу кендерди казуу (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 11,9 %) 2024-жылдын январь-апрель айларында өндүрүштүн көлөмү 18,3 млрд. сомду түзүп, ал эми, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине карата физикалык көлөмдүн индекси 95,1 %ды түздү.
Электр энергиясы, газ, буу менен камсыз кылууда (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 15,6 %) 2024-жылдын январь-апрель айларында өндүрүштүн көлөмү 24,1 млрд. сомду түздү жана 8,2 %га көбөйүшү, электр энергияны өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүнүн 5,9 %га өсүшү менен камсыздалды.
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 1,1 %) көлөмү 2024-жылдын январь-апрель айларында 1,7 млрд. сомду түздү жана 27,8 %га өстү, бул негизинен сууну чогултуунун, тазалоонун жана бөлүштүрүүнүн
6,5 %га көбөйүүсү менен шартталды.
Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 0,44 пайыздык пунктту түзгөн. ИДП өндүрүшүнүн структурасында өнөр жайдын үлүшү 18,3 %ды түздү.
2024-жылдын январь-апрель айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 52,8 млрд. сомду түздү. 2023-жылдын ушул мезгилинин деңгээлине салыштырмалуу реалдуу өсүш темпи 102,1 %ды түздү (2023-жылдын январь-апрель айларында 2,5 %га өскөн). 2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү өсүмдүк өстүрүүнү 3,5 %га, ал эми мал чарба продукциясын өндүрүүнү - 1,8 %га көбөйтүү менен камсыз кылынды.
Айыл чарба өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 0,1 пайыздык пунктту түзгөн. ИДПнын түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 4,8 %ды түздү.
Мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү үчүн айыл чарба субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү улантылууда. 2024-жылдын башынан бери АЧК-12 программасын ишке ашыруунун алкагында 3024 алуучуга 1244,8 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар бөлүнгөн. Ошондой эле, агроөнөр жайлык кластерлерди өнүктүрүү үчүн жыл сайын 3 млрд. сомдон ашык каражат бөлүү менен “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбоорун ишке ашыруу улантылууда.
2024-жылдын январь-апрелинин жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 40,4 млрд. сомду түзүп, 58,9 %га өстү (2023-жылдын январь-апрелинде 3,3 %га өскөн).
2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү ички каржылоо булактарынын 63,8 %га, тышкы каржылоо булактарынын 30,6 %га өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.
Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), дүң жана чекене соода, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш, кыймылсыз мүлк операциялары, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, билим берүү, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу объекттеринин курулушунда, ошондой эле турак жай курулушунда белгиленди.
2024-жылдын январь-апрелинде инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 86 %ы) пайдалуу кендерди казуу, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), иштетүү өндүрүшү, билим берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды.
Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2024-жылдын январь-апрелинде курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 38,3 млрд. сомду түзүп,
50,8 %га өстү (2023-жылдын январь-апрелинде 3,4 %га өскөн).
2024-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча тейлөө тармагынын дүң продукциясынын көлөмү 273,7 млрд. сомду түзүп,
2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,8 %га өстү.
Кызмат көрсөтүүчү экономика секторлорунун структурасында эң чоң үлүштү дүң жана чекене соода - 27,4 %ды, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 9,3 %ды жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтары - 11,8 %ды ээлейт.
2024-жылдын январь-апрель айларында дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун көлөмү 74,9 млрд. сомду түзүп, өсүү темпи 116,7 %ды түздү. 2023-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүү көлөмүнүн өсүшү негизинен дүң сооданын көлөмүнүн - 36,1 %га жана чекене сооданын - 10,5 %га өсүшү менен шартталган.
2024-жылдын январь-апрель айларында мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 9,0 млрд. сомду түзүп, 17,5 %га өстү.
ИДПны түзүүгө тейлөө чөйрөсүнүн салымы 3,57 пайыздык пунктка бааланып, ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү үлүшү 51,7 %ды түздү.
2024-жылы Кыргыз Республикасында инфляциялык процесстер басаңдады. Керектөө бааларынын индекси 101,4 %ды түздү (2024-жылдын январь-апрель айлары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жана дээрлик 2,5 эсеге жайлады, анткени 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 103,4 %ды түзгөн. Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2024-жылдын январь-апрелине карата 2023-жылдын январь-апрелине карата)
105,4 %ды түздү (2023-жылдын январь-апрелине карата 2022-жылдын январь-апрелине карата 113,7 %).
Бул мезгилде баалар эң көп жаңы мөмө-жемиштерге (9,4 %га), балыкка (5,8 %га), тузга (4,8 %га), жумурткага (3,7 %га), сырга (3,2 %га), алкоголсуз суусундуктарга
(3,0 %га), картошка (1,9 %га), жаңы жашылчалар (1,3 %га), ун (1,1 %га) жана жаңы эт
(1,0 %га) кымбаттаган. Ошол эле учурда, баанын төмөндөшү гречкага (11,1 %га), бөтөлкөдөгү сүткө (4,7 %га), уйдун бооруна (4,1 %га), малдын майына (3,7 %га), өсүмдүк майына (3,5 %га) жана кантка (1,1 %га) катталган.
Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында азык-түлүк бааларынын төмөндөшү, Жалал-Абад облусунан тышкары (0,7 %га төмөндөө) байкалган. Мында, баанын максималдуу өсүшү (2,1 %га) Талас облусунда катталды, бул башка облустарга салыштырмалуу тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын эң көп өсүшү (2,2 %га) менен шартталган.
Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2024-жылдын январь-март айларында 34 046 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,0 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен - 5,3 %га өстү.
2024-жылдын январь-мартында өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.
Алардын эң олуттуу жогорулашы төмөндөгү чөйрөлөрдө: дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо 39,4 %га, башка тейлөө ишмердиги -
41,7 %га, суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу - 32,8 %га курулуш - 32,6 %га, пайдалуу кендерди казуу - 26,0 %га, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик - 22,8 %га, кыймылсыз мүлк операциялары - 22,0 %га, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо - 21,4 %га өсүү байкалды.
2024-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3 723,9 млн АКШ долларды түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 29,8 %га өстү. Мында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 13,7 %ды, импорттуку - 86,3 %ды түздү.
Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрү 2024-жылдын январь-мартында 2023-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 12,8 %га көбөйүп, 510,9 млн АКШ долларды түздү. Экспорттук жеткирүүлөрдүн көбөйүшү алтындын 2,8 эсеге, лигниттин (күрөң көмүрдүн) - 1,7 эсеге, тирүү жаныбарлардын - 1,5 эсеге, мөмө-жемиштердин жана жаңгактардын - 30,7 %га, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана алардын тетиктеринин - 21,1 %га, пахта буласынын - 7,2 %га, жылмаланган айнектин
-1,9 %га жеткирүүлөрүнүн өсүшү менен шартталды.
Муну менен бирге, сүт жана сүт азыктарынын 1,8 эсеге, нан жана ундан жасалган кондитердик азыктардын - 1,7 эсеге, кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдардын - 1,7 эсеге, баалуу металлдардын рудаларынын жана концентраттарынын - 1,6 эсеге, пластмасса жана алардан жасалган буюмдардын - 1,5 эсеге, цементтин - 1,5 эсеге, жездин калдыктарынын жана сыныктарынын - 1,5 эсеге, электр машиналарынын жана жабдуулардын - 21,0 %га, жашылчалардын жана тамырлуу жашылчалардын - 15,1 %га, кара металлдардын - 14,2 %га экспорттоонун азайышы байкалды.
Бул мезгилде Кыргыз Республикасына импорттолгон товарлардын көлөмү 3213,0 млн АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу
33 %га өстү. Импорттук келип түшүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшү негизинен жабдууларды жана механикалык түзүлүштөрдү 2,4 эсеге, мунайзат продуктуларын - 1,9 эсеге, жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарын жана алардын тетиктерин - 2,5 эсеге, жаратылыш газынын - 24,4 %га, фармацевтикалык продукцияларды – 16,3 %га, кара металлдарды - 22,3 %га, кийим-кече жана ага тиешелүү буюмдарды - 43,5 %га көп ташып келүүнүн эсебинен камсыздалды.
Муну менен катар, трикотаж кездемелеринин 7,8 эсеге, дан эгиндеринин -
1,5 эсеге, жашылчалардын жана тамырлуу жашылчалардын - 1,7 эсеге, мөмө-жемиштердин жана жаңгактардын - 1,7 %га, пластмасса жана алардан жасалган буюмдардын - 31,8 %га, резина жана андан жасалган буюмдардын - 29,2 %га, электр машиналарынын жана жабдуулардын - 21,1 %га, парфюмериялык жана косметикалык каражаттардын - 16,7 %га импорттук келип түшүүлөрүнүн көлөмү төмөндөдү.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-мартында 868,5 млн АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 6,5 %га төмөндөгөн. Бул мезгил ичинде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (70,4 %) жана Казакстанга (27,2 %) туура келди.
Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 2,8 млрд. АКШ долларын түзүп, 2023-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү.