Кыргызстандын алкоголдук ичимдиктери Өзбекстандын рыногуна чыгат

Новости
11-Май 2024-ж.
1105

Күн мурун Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу КР Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү "KREDO BEST MChJ " компаниясынын жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандан жогорку сапаттагы алкоголдук ичимдиктердин кеңири ассортиментин Өзбекстан Республикасына алып келүү боюнча алдын ала келишимге кол коюлду.

Шарап, коньяк, арак жана башка суусундуктары, уникалдуу даам профилдери менен ар бир продукт өзбек керектөөчүлөрүнүн жүрөгүн багындырууга даяр.

“Биз "KREDO BEST MChJ" компаниясы менен кызматташууну баштоого жана кыргыз алкоголдук продукциясын өзбек керектөөчүлөрүнө сунуштоого кубанычтабыз. Биздин суусундуктардын сапаты жана жагымдуу баасы менен жүрөктөрдү багындырарына ишенебиз", - деп белгиледи КР Өзбекстан Республикасындагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков.

Бул макулдашуу - Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам жанакКыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу