Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча депутаттарынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес секторунун өкүлдөрүнөн турган Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү

Новости
10-Май 2024-ж.
914

2024 жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Искендер Асылкуловдун катышуусунда Ведомстволор аралык жумушчу топтун катышуучулары, анын ичинде Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары: Надира Нарматова, Марлен Маматалиев, Эльвира Сурабалдиева менен жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушуу Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштин башталышын белгилейт.

КР Экономика жана коммерция министрлигинин 2024 жылдын 6-майындагы  № 21 буйругу менен "КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес секторунун өкүлдөрүнүн ичинен Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Мыйзам долбоору талкуунун негизги предмети болуп калды, ал азыркы замандын талаптарын жана экономиканын керектөөлөрүн эске алуу менен салык системасын оптималдаштырууга багытталган. Катышуучулар алдыдагы иштин негизги принциптерин жана максаттарын талкуулашты, ошондой эле долбоордун негизги аспектилери боюнча жоопкерчиликти бөлүштүрүштү.

Бул жолугушуу коомду жана бизнести өнүктүрүү кызыкчылыгында заманбап жана натыйжалуу салык саясатын түзүүгө багытталган мамлекеттик органдардын, мыйзам чыгаруу бийлигинин жана бизнес-коомчулуктун ортосундагы тыгыз кызматташтык үчүн негиз болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, бардык каалоочулар Салык кодексине карата өз сунуштарын жана сын-пикирлерин расмий форматта КР ээк дарегине жөнөтө алышат. Жооптуу кызматкердин байланыш маалыматтары: Азат Сагыналиев, салык саясаты башкармалыгынын башкы адиси, Тел.: 620535 +294, +141.

Бул сунуштар аталган жумушчу топтун ишинин алкагында каралат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу