Евразия экономикалык комиссиясынын иш Регламентине өзгөртүүлөр киргизилди

Новости
10-Май 2024-ж.
871

Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында электрондук соода товарларын бажылык жөнгө салуу ыйгарым укуктары берилген.

Алсак, комиссиянын Кеңеши комиссиянын курамын аныктоо боюнча ыйгарым:

- электрондук соода товарларынын тизмеси жана категориялары, аларга карата Бирликтин бажы кодексинин "электрондук соода товарларын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү" деген 431 - главасынын жоболору колдонулбайт;

- сатып алгандан кийин электрондук соода товарлары кайтарылып берилген учурда аларды идентификациялоо тартиби;

- жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларына карата бажы алымынын бирдиктүү ставкасы;

- жеке жактар сатып алган электрондук соода товарларын Бирликтин бажы аймагына бажы алымдарын төлөбөстөн алып келүүнүн нарктык, салмактык жана (же) сандык ченемдерин;

- электрондук соода оператору катары бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жактын милдеттерин аткарууну камсыз кылуунун өлчөмү;

- электрондук соода товарларына карата бажы алымдарын төлөө боюнча милдет ар кандай жактарда, ар кандай жагдайлар боюнча жана (же) бир нече жолу бажы алымдарын төлөө боюнча милдеттенме келип чыккан учурларда токтотулган жагдайлар.

Комиссиянын Коллегиясы Бирликтин бажы аймагынан электрондук соода товарларын ташып чыгуунун тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрүн аныктоо боюнча ыйгарым укуктарга ээ (анын ичинде аларды Бирликтин бажы аймагынан товарларды алып чыгууга жол берген бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу шарттары жана мындай бажы жол-жоболорун колдонуу өзгөчөлүктөрү, Бирликтин бажы аймагынан ташылып чыгуучу электрондук соода товарларына карата бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин өзгөчөлүктөрү жана мындай товарларга карата бажы төлөмдөрүн колдонуу өзгөчөлүктөрү).

Эскерте кетсек, 2023 - жылдын 25-декабрында Жогорку кеңеште ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлган, анда жаңы укуктук институтту жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ишмердиктин түрүн-электрондук соода операторун түзүү каралган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу