⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас

ЕАЭБ Монголия менен убактылуу соода келишимин түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштайт

Новости
10-Май 2024-ж.
3507

Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчылары ушул жылдын 8-майында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча Монголия менен убактылуу соода келишимин түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн башталышы тууралуу чечим кабыл алышты.

ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода макулдашуусунун долбоорунун концептуалдуу жоболору биргелешкен изилдөө тобунун алкагында даярдалган, аларга ылайык өз ара соодада ташып кирүү бажы алымдары товарлардын чектелген номенклатурасына карата төмөндөтүлөт же нөлгө түшүрүлөт.

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен изилдөө тобу убактылуу соода келишимин түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө жыйынтыкка келген.