Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө КАБАРЛОО

Объявления
07-Май 2024-ж.
223

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталгандыгы жана кызыкдар жактардан сунуштарды чогултуу жөнүндө кабарлайт.

1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Бүгүнкү күндө банкроттук процессинин жүрүп жаткан жол-жоболорун талдоо бул процесске тартылган администраторлордун профессионалдык деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө банкрот деп табылган карызкорлордун саны 316 карызкор болсо, анын ичинен 130 администратор дайындала элек. Ошол эле учурда реестрде лицензиясы бар 132 администратор болсо, карызкорлор үчүн банкроттук жол-жобосун 64 администратор гана жүргүзөт.

Жогорудагылар банкроттук процессинде кредиторлордун жана республикалык бюджеттин алдындагы карыз тараптын милдеттенмелерин аткарууга таасирин тийгизет. Карыз тарап үчүн банкроттук процесси кечеңдетилип жатат, бул белгилүү бир финансылык кесепеттерге алып келет жана банкроттук жөнүндө иштерди сот органдары тарабынан кароонун мөөнөтүн узартат. 

Кыргыз Республикасынын “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Мыйзамынын администратордун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия боюнча колдонуудагы ченеми лицензиянын чексиз экендигин жана мезгилдүү окутууга талаптардын жоктугун белгилеген.


2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:

- администраторлордун квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу;

- кредиторлордун талаптарын талаптагыдай канааттандырууну камсыз кылуу жана банкроттук процессинин чыгымдарын оптималдаштыруу;


3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү);

Администраторлордун квалификациясынын деңгээли тынымсыз жогорулап жатат. Ишканалардын банкроттук процессинин мөөнөтү кыскартылат, банкрот деп жарыяланган карызкорлордун саны кыскарат. Администраторлордун реестрине иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу администраторлор кирет.

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Күтүлбөйт.

5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:

Бүгүнкү күндө реестрде 132 лицензиялуу администратор бар.

6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Администраторлордун кесипкөйлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, кредиторлордун талаптарын төлөөнүн көлөмүн жогорулатуу, демек, алардын ишмердүүлүгү үчүн акы төлөөнү жогорулатуу.

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Администраторлордун кесипкөйлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу кредиторлордун талаптарын, анын ичинде бюджетке төлөөнүн көлөмүн жогорулатууга тийиш.

Кабарлоого сунушталуучу жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат тиркелет:

Бүгүнкү күндө банкрот деп табылган карызкорлордун саны 316 карызкор болсо, анын ичинен 130 администратор дайындала элек.

Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:

1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат:


- электрондук почта аркылуу

upgs17@mail.ru

- почта дареги 

720002, Бишкек ш., Чуй пр., 106

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

(2024-жылдын 28-майы)

3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

(2024-жылдын 30-майы)


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу