Министр А.Кожошев: Азыркы күндө бизнес жана мамлекеттик органдардын алдында жалпы максат – Кыргыз Республикасындагы коррупциянын деңгээлин азайтуу турат

Новости
10-Ноябрь 2015-ж.
1921

Мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун коррупцияга каршы жана мамлекет менен бизнестин социалдык өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүүнүн аракеттеги аянты болууга күчтөрүн бириктирүүгө арналган Коррупцияга каршы форумду ачып жатып Кыргыз Республикасынын Экономика министри АрзыбекКожошев жогорудагыларды айтып өттү. Министрдин сөзү боюнча бул аянттын алкагында коррупцияга каршы күрөшүүнүн жана анын алдын алуунун системалык мамилесин түзөө жана чыңдоо зарыл.

Белгилүү болгондой, өлкөдөгү коррупциянын деңгээли жана масштабы Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө токтотуучу таасир көрсөтөт, инвестициялык климатка терс таасирин тийгизет, биздин өлкө менен кызматташтыкта эл аралык кызыкчылыкты төмөндөтөт жана социалдык-экономикалык процесстерди жөндөөчү катары мамлекеттин ролун ылдыйлатууга алып келет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу