Кыргыз Республикасында адал (халал) индустриясын колдоо боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүүнү тереңдетүү жөнүндө

Новости
24-Апрель 2024-ж.
634

2024-жылдын 23-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу адал (халал) индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда өнөктөштүктү бекемдөө маселелери жана республикада адал (халал) индустриясын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кызматташуунун пландары талкууланды. Катышуучулар продукцияны сертификациялоо, адал (халал) продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо боюнча биргелешкен механизмдерди иштеп чыгуу, инвестиция тартуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана калктын адал (халал) продукциялары жана кызматтары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жаатында пикир жана тажрыйба алмашышты. .

Жолугушуунун жүрүшүндө адал (халал) өнүмдөрдү жана кызматтарды Кыргызстандын рыногунда жана анын чегинен тышкары жайылтуу үчүн биргелешкен иш-чараларды, окуу программаларын жана маркетингдик кампанияларды уюштуруу боюнча идеялар айтылды.

Борбордун директору А.Кайырбеков өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарынын бири катары адал (халал) индустриясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен кызматташуу жогорку сапат стандарттарын камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Азирети муфтий Абдулазиз Кары Закиров адал (халал) өнүмдөрдүн жана кызматтардын сапатына керектөөчүлөрдүн ишенимин бекемдөөнүн маанилүү куралы катары адал (халал) индустриясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасында адал(халал) индустриясын колдоо боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүүнү тереңдетүү зарылдыгын билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу