ЭКМ башчысынын орун басары IFC Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлдөрү менен кызматташуунун келечегин талкуулады

Новости
03-Апрель 2024-ж.
1023

2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов менен IFC Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда инфраструктура тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен кызматташуунун келечеги жана жеке секторду каржылоо маселелери талкууланды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө С.Болотов ЭФКгы экономиканын артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, каржы секторун, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, гидроэнергетиканы, транспорт-логистикалык секторду, айыл чарбаны, тоо-кен тармагын жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүндүгүн өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бизнес-процесстерди автоматташтыруу үчүн санариптик технологияларды колдонуу менен долбоорлорду ишке ашыруунун келечектүү багыттарынын маанилүүлүгүн жана Кыргыз Республикасында дата-борборлорду куруу боюнча мүмкүн болуучу пландарды белгилешти.

Мындан тышкары министрдин орун басары энергетика тармагындагы долбоорлорго, өзгөчө «Камбар-Ата ГЭСинин курулушу - 1» жана «Күн электр станцияларын куруу» долбоорлоруна токтолду. Ошол эле учурда IFC да ушул жылдын июнь айына Вена шаарында (Австрия) пландаштырылган Энергетикалык форумга активдүү катышууга чакырды. 

ЭФКнын инвестициялык долбоорлорду колдоо, жеке секторду жана каржы рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча чоң тажрыйбасын эске алуу менен министрдин орун басары кызматташууну тереңдетүүгө жогорку кызыкчылыкты билдирип, артыкчылыктуу долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

IFC миссиясынын өкүлдөрү биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин айтышып, артыкчылыктуу келечектүү долбоорлорду ишке ашырууда кыргыз тараптын аракеттерин колдоорун билдиришти.

Мындан тышкары, тараптар IFC вице-президентинин Кыргыз Республикасына пландаштырылган иш сапарын талкуулашты.

С.Болотов социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу максаттарын ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, артыкчылыктуу жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы жемиштүү өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөөрүн билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу