Министр Д.Амангелдиев Кыргыз Республикасынын бардык бухгалтерлерин жана аудиторлорун кесиптик майрамы менен куттуктайт!

Новости
03-Апрель 2024-ж.
1085

«Урматтуу кесиптештер, достор!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Бухгалтерлер жана аудиторлор күнү менен куттуктайм!

Бул тармакта өз ишинин чыныгы кесипкөйлөрү эмгектенээрин белгилей кетүү жагымдуу.

Азыркы кезде чарбалык татаал проблемаларды чечүүдө бухгалтерлер жана аудиторлор эбегейсиз зор роль ойноп жатат.

Финансылык, салыктык эсеп жана контролдоо жаатындагы эффективдүү иш экономиканын бардык тармактарын өнүктүрүүнүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги элементи болуп саналат.

Бухгалтердик эсепти жана аудитти финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарына шайкеш келтирүү жана стандартташтыруу контекстинде бухгалтердик эсептин жана аудиттин жаңы заманбап ыкмалары киргизилүүдө.

Келечекте сиздер бардык күч-аракеттериңизди, билимиңиздерди жана шык-жөндөмүңүздөрдү кесиптин өнүгүшүнө жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун жыргалчылыгына багыттайсыздар деп ишенем.

Бардык пландарыңызды ишке ашырууда ийгиликтерди, сиңирген эмгегиңиздерди татыктуу баалоону, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалайм!”


Урматтоо менен,

Министр                                                                                 Д.Дж.Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу