Борбордук Азиядагы сооданы жеңилдетүү боюнча GIZ долбоорунун координациялык кеңешмеси болуп өттү

Новости
02-Апрель 2024-ж.
950

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Искендер Асыкуловдун төрагалыгы алдында GIZтин “Борбордук Азиядагы соода процедураларын жөнөкөйлөтүү” долбоорунун координациялык кеңешмеси болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө долбоордун 2020-2023-жылдарга карата иш-аракеттеринин жыйынтыктары, ошондой эле 2024-жылга сооданы жеңилдетүү жаатындагы долбоордун иш-аракеттеринин негизги багыттары сунушталды.

Жыйынга Кыргыз Республикасындагы Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана GIZтин “Борбор Азияда сооданы жеңилдетүү” долбоорунун менеджерлери катышты.

Маалымат иретинде:

 “Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү” GIZ долбоору – бул Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда сооданы жеңилдетүү боюнча жардам көрсөтүүчү аймактык долбоор. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу