«Евразиялык интеграциянын символдору» биргелешкен ири масштабдуу жогорку технологиялык жана гуманитардык долбоорлорго сынак жарыяланды

Новости
02-Апрель 2024-ж.
1081

“Евразиялык интеграциянын символдору” аттуу биргелешкен ири масштабдуу жогорку технологиялык жана гуманитардык долбоорлордун сынагы өтөөрүн КР Экономика жана коммерция министрлиги билдирет.

Бул сынак жаңы технологиялык жактан өнүккөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү долбоорлорду табууга багытталган, аларды ишке ашыруу Евразия чөлкөмүндөгү бир нече ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда ишке ашырылып, олуттуу социалдык, экономикалык жана технологиялык эффектилерди камсыз кылат.

Арыздар 8 конкурстук номинация боюнча кабыл алынат:

1) негизги тармактардын технологиялары (кен казып алуу, кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы технологиялары; айыл чарбасы);

2) транзиттик потенциал (транспорттук-логистикалык чечимдер, транспорт, инфраструктура);

3) технологиялык суверенитет (прибор жасоо, станок куруу, микроэлектроника, химиялык жана металлургиялык технологиялар, телекоммуникациялар, электротехника, автомобиль өнөр жайы, кеме куруу);

4) санариптик платформанын чечимдери (маалыматтык коопсуздук);

5) жаңы технологиялык түзүм (роботехника, нанотехнология, биотехнология, МКТ, гендик инженерия, космостук технологиялар);

6) адам капиталы (илим жана билим берүү, телемедицина, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт);

7) Евразиялык туризм (мейманкана индустриясы, туристтик комплекстүү чечимдер, туристтик карталар);

8) финансылык инклюзия (финансылык кызматтарды көрсөтүүнүн заманбап чечимдери, өлкөлөр ортосундагы соода төлөмдөрүн камсыз кылуу, алардын коопсуздугун жогорулатуу).

Ар бир номинация боюнча сынактын финалисттери кийин мүчө мамлекеттердин аймагында ишке ашыруу үчүн сунушталат.

Сынактын катышуучулары: коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар, жеке адамдар боло алышат. Концепция жана прототип баскычындагы долбоорлор, ошондой эле ишке ашыруу жана масштабдоо баскычындагы долбоорлор да катыша алат.

Арыздар 2024-жылдын 30-апрелине чейин сынактын https://eurasiasymbols.asi.ru расмий сайтында кабыл алынат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу