«Кант цемент заводу» ААКсында кургак ыкма менен клинкерди чыгаруучу жаңы линияны курууга капсула салынды

Новости
20-Март 2024-ж.
1228

2024-жылдын 20-мартында Ысык-Ата районунун Кант шаарында «Кант цемент заводу» ААКнын кургак ыкмасы менен жаңы клинкер линиясын курууга капсула салуу салтанаттуу аземи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.

«Кант цемент заводу» ААКсы суткасына 2500 тонна өндүрүштүк кубаттуулуктагы клинкерди кургак ыкма менен күйгүзүү боюнча жаңы заманбап технологиялык линияны куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда. Линиянын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 800 миң тонна клинкер. Долбоор импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган өндүрүш болуп саналат жана тармактын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө оң таасирин тийгизет. Долбоордун алкагында 300 жаңы жумуш орундары каралган, бул аймакта мультипликативдик эффект жаратат. Өндүрүштүк линияда алдыңкы технологиялар жана жогорку деңгээлдеги автоматташтыруу колдонулат, бул жогорку жана туруктуу сапаттагы өндүрүштү камсыз кылат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу