КР Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев Кыргызстан элин Нооруз жаз майрамы менен куттуктайт!

Новости
20-Март 2024-ж.
1235

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу достор!

“Сиздерди Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан келе жаткан жазгы күн менен түндүн теңелүүсү – Нооруз майрамы менен куттуктайм! 

Нооруз – ата-бабаларыбыздан калган эң байыркы майрамдардын бири, Кыргызстанга түбөлүк тынчтык жана гүлдөп өнүгүү тартуулайт! Бул улуу майрам элдерибизди бир дасторкон үстүндө бириктирип турат - бири-бирин жаңы жыл менен куттуктап, ден соолук, ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалашат.

Нооруз жаз майрамы күнөстүү жылдын башталышын, жаздын келишин символдоштуруп, достукту, сүйүүнү, жан дүйнөнүн кең пейилдигин даңазалайт. Бул ойгонуунун, жашаруунун, жаңылануунун, жаратмандыктын жана ырыс-ынтымактын майрамы. Бул күнү адамдар ар кандай таарынычтарды кечиришип, баардык жаман нерселерди унутуп, жаңы жылга кең пейил жүрөк жана аруу тилектер менен кирүүгө аракет кылышат. Көп улуттун өкүлдөрү достукта жана ынтымакта жашап жаткан бул майрамды элибиз жыл сайын өзгөчө шыктануу, дем менен белгилеп жатканы кубандырат. 

Учурдан пайдаланып, бардык кыргызстандыктарга чың ден соолук, бакыт-таалай, жемиштүү иш, өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшү, туруктуулук жана бакубатчылык үчүн сиздер жасап жаткан кесиптик ийгиликтерди, жаңы мейкиндиктерди, ошондой эле алдыга койгон максаттарыңызга ар дайым жетүүнү каалайм. Жаркын Нооруз майрамы ар бир үйгө тынчтык, токчулук жана бейпилдик алып келсин!”

Чын жүрөктөн чыккан каалоолор менен,

министр                                                                                                 Д.Дж.Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу