Бишкекте салыктар боюнча “Бизнес-билим кербени” өтөт

Новости
20-Март 2024-ж.
1407

2024-жылдын 29-мартында Бишкекте, Новотел мейманканасында “Бизнес-билим кербени” маалыматтык иш-чарасы өтөт.

Буга чейин аталган иш-чара республиканын бардык аймактарында өткөрүлүп, аны КР Экономика жана коммерция министрлиги JIA Бизнес Ассоциациясы жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте уюштурган.

Маалыматтык жолугушуунун темалары төмөнкүдөй:

- Салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр;

- чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдери;

- кассалык машинаны колдонуу эрежелери;

- электрондук кампаны жана ЭТТНны колдонуу эрежелери;

- электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) берүү тартиби;

- ЭСФти каттоонун тартиби жана жол-жобосу;

- салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча электрондук отчетторду өз алдынча берүү;

- мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишкердикти текшерүүгө мораторий жана жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу