ЭКМде аялдардын ишкердиги боюнча Консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Новости
19-Март 2024-ж.
985

2024-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында министрдин орун басары Айнура Үсөнбекованын төрагалыгы алдында аялдардын ишкердиги боюнча Консультативдик кеңеш өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетининин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Аялдардын ишкердик активдүүлүгүн стимулдаштыруунун ар кандай багыттарын колдоочу эл аралык уюмдардын, Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана гендердик зомбулукту кыскартуу боюнча «Демилгелүү Айымдар» коалициясы, бейөкмөт уюмдар жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылга аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун жыйынтыгы чыгарылып, артыкчылыктуу чечимдерди кабыл алууну талап кылган төмөнкү маселелер талкууланды:

- «аялдардын ишкердигин» аныктоо жана аны мыйзамдык жактан ишке ашыруу боюнча сунуштар;

- Кыргыз Республикасындагы аялдардын ишкердигин колдоо үчүн АӨБ гранттык каражаттарына жетүү (жеңилдетилген насыялар);

- аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча планды иштеп чыгуу жана ишкер аялдар үчүн онлайн окутуу платформасын түзүү;

Ошондой эле Консультативдик кеңештин жыйынынын жүрүшүндө анын үстүбүздөгү жылдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын тизмеси талкууланды, анын ичинде «аялдардын ишкердиги» аныктамасын мыйзамдык жактан консолидациялоо жана ишкер аялдардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу өзгөчө маанилүү белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгында талкууну жана пикир алмашууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча Консультативдик кеңештин алдында, мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес сектор жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, аялдардын ишкердик активдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашырууну жана өркүндөтүүнү улантат, атап айтканда, төмөнкү иш-чаралар улантылат:

- Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча 2022-2026-жылдарга Программанын иш-чараларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жөнүндө.

- аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында илгерилетүү жана маалымат;

- ишкердикти уюштурууда аялдардын потенциалын жана анын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу