Кыргызстандан Кытайга продукцияларды экспорттоо боюнча брошюраны чыгаруу жөнүндө

Новости
19-Март 2024-ж.
2201

КР Экономика жана коммерция министрлиги экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргызстандан Кытайга продукция экспорттоо боюнча брошюра чыгарууда.

Брошюра Кыргызстандан Кытайга өз продукциясын экспорттоону баштоону же кеңейтүүнү каалаган компаниялар үчүн ишенимдүү колдонмо болуп калат. Тактап айтканда, экспорт процесси, өндүрүүчүлөргө коюлган талаптар, тобокелдик деңгээли боюнча Кытайга импорттолуучу продукциянын түрлөрү, продукцияны жеткирүүнүн өлкөлөр ортосундагы шарттар, CIFER бирдиктүү терезесинде каттоо, ошондой эле товарларга коюлган талаптар жөнүндө кеңири маалымат берилет. 

Биздин максат – кыргыз компанияларына кытай рыногунда өз ордун ийгиликтүү ээлеп, улуттук экономиканын гүлдөп өсүшү үчүн экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жардам берүү.

Брошюраны иштеп чыгууда Алматыдагы өкүлчүлүгүнүн Кытай инспекциясы жана сертификациялык тобунун директорунун орун басары А.В.Новикованын материалдары пайдаланылды, тел. +7-701-753-1765 (Certification & Inspection Group CCIC).


Онлайн кайрылуу