Ишкердик субьекттерин текшерүүгө тыюу салуу боюнча өлкө Президентинин Жарлыгына оңдоп-түзөөлөр киргизилди

Новости
18-Март 2024-ж.
1523

Адамдардын өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-мартындагы 

№ 76 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 

9-январындагы № 1 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы кабыл алынды. 

Бул Жарлык менен салык кызматынын текшерүүлөрүн, бажы органдарынын текшерүүлөрүн, тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча текшерүүлөрдү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын текшерүүлөрүн мораторийден чыгарууну караган өзгөртүү киргизилген.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен биргеликте эки жумалык мөөнөттө тапшырма берилди:

– мамлекеттик органдар жүргүзгөн ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү эсепке алуу системасына талдоо жүргүзүү;

– жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун баалоо менен ишкердик субъекттерине карата текшерүүлөрдү эсепке алуу механизмин иштеп чыксын.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу