Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ташылган товарларды ташып келүүгө, экспорттоого жана транзитке электрондук уруксат берүү бөлүгүндө ИСЕОну ишке киргизүү жөнүндө

Новости
15-Март 2024-ж.
1110

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 15-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы тарабынан берилген электрондук Уруксат берүүлөр” ташылган товарларды ташып келүү, «импортоо»  ташып чыгуу (экспорттоо) жана Кыргыз  Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик мамлекеттик ветеринардык көзөмөлүнүн  -«Бирдиктүү терезе» маалыматтык тутумунун функционалдуулугу ишке киргизилет.

Уруксат алуу үчүн ИСЕО аркылуу электрондук арыз берүүнүн ыкмалары:

БТБ МИ оператору аркылуу - арыз берүүчү Бишкек шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборлорунда жайгашкан БТБ МИ тейлөө борборунун операторлору менен байланышуусу керек, Ибраимова көч. 152 (КСК, 2-кабат) жана Ош шаары, Масалиев пр.75.

Өз алдынча - арыз ээси https://swis2.trade.kg/en/login шилтемеси аркылуу катталып, “Мамлекеттик кызматтар аркылуу кирүү” бөлүмүндөгү башкы бетке өтүшү керек. Андан кийин, мамлекеттик кызматтар порталында авторизациялоо ыкмаларынын бирин тандоо керек. Ийгиликтүү авторизациядан кийин колдонуучу автоматтык түрдө Системанын веб-сайтына кайтарылат, анда аккаунт түзүлөт.


ИСЕО артыкчылыктары:

Тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди даярдоодо бир эле учурда бир нече бөлүмгө арыз берүү менен убакытты жана чыгымдарды кыскартуу.

Тышкы соода операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди алуу үчүн арыз берүүнүн тартибин жана ыкмасын жөнөкөйлөтүү.

Өтүнмөлөрдү кароо процессинин бүтүндүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу.

Административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана оптималдаштыруу ж.б.


ИСЕОдо иштөө боюнча бардык суроолор боюнча +996 (312) 902640 же info@trade.kg электрондук дарегине кайрылыңыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу