19-ноябрда Айымдардын эл аралык ишкердүүлүк күнү өтөт

Новости
18-Ноябрь 2015-ж.
2114

2014-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан бүткүл республика боюнча «Айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү» долбоору ишке ашып келет. Анын негизги максаты болуп ишкер айымдардын финансы кызматына болгон жеткилигин жакшыртуу жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги жана кичи шаарлардагы айымдардын турмуш деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Долбоордун жардамы менен учурдагы колдо бар финансы кызматтары жаңыланып, жаңы, айымдар ишкердүүлүгү үчүн алгылыктуу кызматтар киргизилди. Аталган долбоор алкагында билим алган айымдар өндүрүш, ызмат көрсөтүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, кол өнөрчүлүк жаатында алектенип келишет.

Берилген иш Айыл Банк, «Бай-Түшүм» банкы жана Биринчи микрокредиттик компания тарабынан жүргүзүлүп келет. Маселен, долбоор алкагында пилоттук түрдө кампа тил катарына каржылоо киргизилип, ал айымдарга өз продукциясын күрөөгө коюп кредит алууга мүмкүнчүлүк берди. Ишкер-айымдар овердрафт карточкасын колдонуп, кредит багыттарын пайдаланып келишет. Долбоордун финансы уюмдары тарабынан жалпысынан 71 айымга кредит берилди. Кредитти ийгиликтүү колдонуусу үчүн ишкер-айым белгилүү билимдерге жана жөндөмдөргө ээ болуусу зарыл. 2014-жылдын июнь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 28ден 65ге чейинки жаш курактагы Кыргызстандын 193 микро-ишкер-айымы окуудан өттү.

Окутуу финансылык сабаттуулук, бизнес-пландоо, лидерлик жана коммуникативдик жөндөмдөр жаатын камтыды. Мындан тышкары шериктеш финансылык уюмдардын 100 кызматкерин жана кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн окутуу пландалып жатат.

«Айымдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууда Экономика министрлигине техникалык колдоону Япониянын жакырчылыкты жоюу фонду жана Азия өнүктүрүү банкы көрсөтүп келет. Айымдар ишкердүүлүгүнүн бүткүл дүйнөлүк жумасы 140 өлкөдө жүргүзүлүп, айымдар ээлик кылган ишканаларга колдоо көрсөтүүгө багытталган.
"" ""
""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу