Татарстан Республикасынын бизнес-делегациясынын Кыргыз Республикасына боло турган иш сапары жөнүндө

Новости
02-Март 2024-ж.
1183

Кыргыз Республикасынын делегациясын “Россия-Ислам дүйнөсү: Казань форуму 2024” XV Эл аралык экономикалык форумунун ишине (2024-жылдын 17-20-майы, Казань, Татарстан Республикасы) катышуусуна даярдоонун алкагында 2024-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулу Э.Бейшембиев жана КР Айыл чарба министрлигинин, КР Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин, Соода-өнөр жай палатасынын, КР ЭКМге караштуу Туризм департаментинин, КР ЭКМге караштуу Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун, КР ЭКМге караштуу «Кыргызэкспорт» мамлекеттик мекемеси, Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консул Татарстан Республикасынын бизнес-делегациясынын Кыргыз Республикасына боло турган иш сапары жана 50дөн ашык өлкөнүн делегациялары менен Кыргыз Республикасынын катышуучуларынын ортосунда байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын ортосундагы кызматташуунун Жол картасын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын делегаттарынын катышуусунун мазмунун сапаттуу толтуруунун маанилүүлүгү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Республиканын көзөмөлдүк кылуучу чөйрөлөрдөгү панелдик сессияларында, ошондой эле экономика секторунун артыкчылыктуу багыттарына Кыргыз Республикасынын бизнес секторунун катышуусу жөнүндө маселени иштеп чыгуу каралды. Алардын арасында халал индустриясы, айыл чарбасы, билим берүү, бизнес мүмкүнчүлүктөрү, инвестиция, өнөр жай жана туризм бар.

Маалымат иретинде:

Форум Россия Федерациясы менен Ислам дүйнөсүнүн мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн негизги платформасы болуп саналат.

Форум биринчи жолу 2009-жылы өткөрүлгөн жана 15 жылдан бери өзүн актуалдуу маселелерди талкуулоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, инвестициялык потенциалды көрсөтүү жана россиялык компаниялар менен ислам өлкөлөрүнүн өнөктөштөрүнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоо боюнча алдыңкы аянтча катары көрсөтүп келет.

Бул форумдун негизги темалары:

Аймактарды өнүктүрүү

Эл аралык кызматташтык жана инновация

Ислам каржылоосу

Стандартташтыруу жана халал сертификаттоо боюнча эл аралык тажрыйба

Бизнес мүмкүнчүлүк

Региондорду өнүктүрүүдө соода-өнөр жай палаталарынын ролу

Киберкоопсуздук технологиялары

  ИКУ өлкөлөрүнө IT чечимдерин экспорттоо

Глобалдык чакырыктардын контекстинде электроника өнөр жайы: ИКУ өлкөлөрүндөгү кызматташтыктын келечеги жана жолдору

взгеруулердун доорунда эл аралык ендуруштук кооперация

Тармактар аралык кызматташтык «Логистика-өндүрүш-соода» тышкы соода байланыштарын кеңейтүү куралы катары

Ултаралык катынастар жуйес!ндег! жас мамандардын рол!, дуние жуз!л!к процестерд!

ИКУ өлкөлөрүнүн жаш ишкерлер форуму

Ислам финансысындагы финансылык технологиялар

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу