Министр Д.Амангелдиев: Кыргыз Республикасы жашыл экономикага жана энергетикага өзгөчө көңүл бурат

Новости
29-Февраль 2024-ж.
851

2024-жылдын 29-февралында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан ишке ашырылып жаткан КР коммерциялык банктары өнөр жай жана турак жай секторлорунда энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Кыргыз Республикасындагы Жашыл энергияны каржылоо программасынын (KyrSEFF) жазгы сессиясына катышты. 

Кыргызстанда “Жашыл экономиканы каржылоо” программасынын жаңы III фазасы климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жана адаптацияны колдогон, айлана-чөйрөнүн булганышын азайткан жана сууну туруктуу пайдаланууга көмөктөшүүчү жаңы инклюзивдик финансылык продуктыларды киргизүүгө багытталган.

Сессиянын ачылышында Д.Амангелдиев куттуктоо сөз сүйлөп, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына KyrSEFF программасын колдоп, энергияны үнөмдөө боюнча 3355 долбоорго 55 миллион доллардан ашык инвестиция салганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз сөзүндө министр иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын алкагында 50 млн. АКШ доллары жеке секторду колдоого жумшалаарын маалымдады. Ошондой эле Кыргыз Республикасында экологиялык жактан таза коомдук транспортко, анын ичинде электр автобустарына өтүү саясаты жүргүзүлүп, салттуу энергия булактарынан көз карандылыкты азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү максатында геотермалдык энергияны мындан ары пайдалануу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ортосунда KyrSEFF программасын ишке ашырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Иш-чара ошондой эле ЕРӨБнын Финансылык институттар боюнча башкаруучу директору Фрэнсис Малиждин модераторлугунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Демир Банктын, Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкынын, Компаньон Банкынын, анда тараптар атмосферага зыяндуу заттардын эмиссиясынын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган “жашыл” каржылоонун мүмкүнчүлүктөрүн жана жаңы инструменттерин бөлүштү.

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы өлкөнүн коммерциялык банктарын Кыргыз Республикасындагы жашыл долбоорлорду каржылоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн сыйлады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу