Басма сөз билдирүү: Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо программасынын III жазгы сессиясы Бишкекте өтөт

Новости
28-Февраль 2024-ж.
763

2024-жылдын 29-февралында, Бишкекте, Hyatt Regency мейманканасында, саат 9:30да Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен Кыргызстандын жашыл экономикасын каржылоо III программасынын (KyrSEFF III) жазгы сессиясы өтөт.

KyrSEFFтин жазгы сессиясы жетишилген натыйжаларды, прогресстин негизги факторлорун жана KyrSEFF III жаңы этабын талкуулоого арналат. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, каржы институттарынын, бизнестин өкүлдөрү жана жогорку деңгээлдеги адистер катышат.

Жаңы инвестициялык сезон KyrSEFF программасынын бүгүнкү күндөгү жетишкендиктерин карап чыгуу менен башталып, Кыргызстандагы энергетикалык эффективдүүлүктү, жашыл технологияларды жана климаттын өзгөрүшүнө гендердик ыңгайлашууну жакшыртуу үчүн каржы институттары аркылуу андан аркы инвестиция жана ноу-хау үчүн жолду белгилейт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу