Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги IFC менен биргеликте геотермалдык энергияны пайдалануу боюнча программаны ишке киргизүүдө

Новости
28-Февраль 2024-ж.
982

2024-жылдын 27-февралында Экономика жана коммерция  министрлиги менен Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) Кыргыз Республикасында жылытуу жана муздатуу үчүн геотермалдык энергияны пайдалануу боюнча биргелешкен программаны ишке киргизүү боюнча иш-чара өткөрүштү.

Бул иш-чара бул жааттагы эл аралык эксперттердин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин, мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Өз сөзүндө ал белгилегендей, бул иш-чара ЭКМ менен IFC ортосундагы өнөктөштүктүн башталышын гана билдирбестен, мындан ары бул тармакка улуттук деңгээлде көбүрөөк көңүл бурулаарын символдоштурат.

Ошондой эле, министр Кыргыз Республикасындагы геотермалдык энергетиканы өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу өз көз карашы менен бөлүштү. Белгиленгендей, өлкөнү геотермалдык ыкма сыяктуу ишенимдүү жана туруктуу энергия булагы менен камсыздоо стратегиялык маанилүү багыт болуп саналат.

Жалпылап айтканда, талкуулар геотермалдык чечимдердин экологиялык жана экономикалык аспектилерин, учурдагы мамлекеттик саясатты жана эрежелерди, иштеп жаткан жана потенциалдуу долбоорлорду, ошондой эле Кыргыз Республикасында өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү камтыды.

Иш-чарада геотермалдык энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйба да көрсөтүлүп, анда бул чөйрөнүн учурдагы активдүү өнүгүүсү жана башка өлкөлөр тарабынан артыкчылыктуулугу талкууланды. Геотермалдык энергия боюнча лидерлер АКШ, Швейцария, Франция, Польша, Исландия, Кытай, Түркия болуп саналат.  Окуу жайларында, ооруканаларда, бүтүндөй райондордун турак жайларында, ошондой эле Франциянын президентинин резиденциясы – Елисей двореци сыяктуу өкмөттүк имараттарда пайдалануу мисалдары келтирилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында мындан аркы кадамдар жана күтүүлөр аныкталып, анда геотермалдык энергияны пайдаланууда жеке сектор үчүн жеңилдетилген каржылоо программасын иштеп чыгуу баса белгиленди.

КР ЭКМ менен  IFC бул тармакты өнүктүрүүдө өнөктөштүктү арттырууну жана жакынкы келечекте пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну максат кылышканын белгилешти. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу