Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатуу жаатында соода-экономикалык кызматташуунун келечеги жөнүндө

Новости
23-Февраль 2024-ж.
1126

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Санжар Болотов менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ю Чжиган мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатуу жаатында соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты. С.Болотов КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдында “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору түзүлгөнүн белгилеп, борбор кытай тарап менен тыгыз кызматташып, Кыргызстандын товарларын жана кызматтарын Кытайга экспорттоо көлөмдү көбөйтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзөрүн билдирди.

Ошондой эле, тараптар Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын алкагындагы долбоорлорду илгерилетүү маселелерин талкуулашты. Кыргыз тарап бул долбоорлордун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи, анткени бул долбоорлор саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана транспорт инфраструктурасы сыяктуу приоритеттүү тармактарда ишке ашырылышы пландалууда. Кыргыз тарап гранттык долбоорлорду илгерилетүү процесстерин тездетүү өтүнүчүн билдирди. Өз кезегинде Кытай тарап аларды алдыга жылдырууга жана тез арада ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын бекемдөө боюнча пландалган биргелешкен иш-чараларды талкуулашты. Биргелешкен иш-чаралардын алкагында эки өлкөнүн жеке секторунун өкүлдөрүнүн көргөзмөлөргө жана форумдарга катышуусу пландалууда. Көргөзмөлөрдү жана форумдарды өткөрүү жана катышуу болуп саналат.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап мындан ары да жемиштүү кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга үмүт артышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу