Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өнөр жайынын маселелерин талкуулашты

Новости
22-Февраль 2024-ж.
875

Бир күн мурун КР Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда “Кийим тигүү тармагы: күчтөрдү бириктирүү жана тигүү тармагынын көйгөйлөрүн биргелешип чечүү” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, Мамлекеттик бажы кызматынын, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргызстандын тигүүчүлөр ассоциациясынын, КР текстиль жана тигүү өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү катышты.


Жыйында бир катар маселелер, атап айтканда, тигүү тармагын колдоо жана өнүктүрүү стратегиясы, тигүү тармагын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана жолдору, күч-аракеттерди бириктирүү маселелери, ошондой эле тигүү тармагындагы абалды жакшыртуу үчүн эмне кылуу керектиги талкууланды.


Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга текстиль жана тигүү тармагындагы абалды жакшыртууга багытталган жүргүзүлүп жаткан салык реформалары жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган бул тармакка берилген преференциялар тууралуу маалымат берилди.


Мындан тышкары, тегерек столдо Кыргызстандын тигүү өнөр жайы үчүн материалдарды импорттоого жана товарларды маркировкалоого таасир этүүчү тарифтик жөнгө салуу жана бажы процедуралары маселелери каралды.


Суроо-жооп учурунда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү тармагындагы тигүү тармагындагы жумушчуларды жана ишканаларды түйшөлткөн көйгөйлөрдү түшүндүрүп, өз ойлорун ортого салышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу