Министр Д.Амангелдиев кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайт

Новости
22-Февраль 2024-ж.
950

«Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу достор!


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан аскер кызматкерлерин жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм!


23-февралда биз Мекенибиздин жана кыргыз элинин таламдарын тайманбастан жана жан аябастан коргоп жаткандарга таазим кылабыз. Биздин милдет - алардын эрдиктерин эскерүү, мурда биздин эркиндигибизди сактап калган жана бүгүнкү күндө жарандардын тынчтыгын жана коопсуздугун коргоодо жоопкерчиликтүү кызмат өтөп жаткан ар бир инсанды урматтоо.


Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакубатчылык, алдыга койгон максаттарыңызга жетишиңизди жана Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн жаңы кесиптик ийгиликтерди каалайм!”


Урматтоо менен, 

министр                                                                      Д. Дж.Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу