КР ЭКМ Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги менен биргеликте мамлекеттик автопаркты электромобилдерге өткөрүү долбоорун ишке ашырууда

Новости
22-Февраль 2024-ж.
1000

2024-жылдын 21-февралында министр Данияр Амангелдиев менен KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Лим Суен айым KOICA гранттык каражаттарынын эсебинен мамлекеттик автопаркты электромобилдерге өткөрүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.


Министр Кыргызстан үчүн жашыл күн тартибин өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Дүйнөдө климаттын\\ булганышынын жана згөрүшүнүн негизги себептеринин бири транспорт экенин эске алып, экологиялык жактан таза транспортту кеңири жайылтуу жашыл өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири катары аныкталган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бул багытта активдуу иш алып бара жатат.


Ушуга байланыштуу «Электрдик унаалар жана электрдик заряддоо станцияларынын тармагы» долбоорун ишке ашыруу абдан маанилүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан экологиялык абалды жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көмөк көрсөтөт деп күтүлүүдө. 


Аталган долбоор өлкөнүн мамлекеттик органдарынын бир бөлүгүн, ошондой эле «Кыргызпочтасы» ААКсын электромобилдерге өткөрүүнүн пилоттук этабын камтыйт. Мындан тышкары, электр кубаттоочу станцияларды орнотуу жана электр транспортун өнүктүрүү боюнча кореялык тажрыйбаны колдонуу да пландалууда.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоордун тез арада ишке ашырылышына жана жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу