Министр Д.Амангелдиев Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин жаңы директору менен жолугушту

Новости
22-Февраль 2024-ж.
1183

2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министр Данияр Амангелдиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) кеңсесинин директору Лим Суён менен Кыргыз Республикасындагы миссиясынын башталышына байланыштуу жолугушту.


Жолугушууда министр Лим айымдын бай тажрыйбасы Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жардам берерин белгиледи. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун негизги аспектилери талкууланды. 


Министр Д.Амангелдиев Корея Республикасына узак мөөнөттүү жана ишенимдүү өнөктөштүгү жана мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү сыяктуу түрдүү тармактарда Кыргызстанга жигердүү колдоо көрсөтүп жаткан KOICAнын өзгөчө ролу үчүн терең ыраазычылык билдирди.


Лим Суен айым ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты координациялоодо KOICAнын контр-өнөктөшү катары министрликтин маанилүү ролун, ошондой эле демилгелердин жана долбоорлордун көлөмү өсүп жатканын белгиледи.


Соңунда тараптар пландаштырылган демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылышына жана кызматташтыктын чыңдалышына ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу