Министрдин орун басары С.Болотов GIZ эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы директору менен жолугушту

Новости
20-Февраль 2024-ж.
728

2024-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министринин орун басары Санжар Болотов менен Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомчулугунун (GIZ) Кыргыз Республикасындагы директору Виктор Вецел мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизги аспектилери жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу талкууланды. Менеджмент жана жашыл экономика жаатындагы долбоорлорду кошумча каржылоо маселелери көтөрүлдү. Министрдин орун басары С.Болотов GIZге узак мөөнөттүү жана ишенимдүү өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Туруктуу экономикалык өнүгүү, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана мыйзамдын үстөмдүгүн илгерилетүү боюнча долбоорлорду активдүү колдогон GIZ ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Ошону менен бирге мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана пландаштырылган долбоорлорду биргелешип алдыга жылдыруу талкууланды.

В.Вецел мырза ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты координациялоодо GIZ контр-өнөктөшү катары министрликтин маанилүү ролун белгилеп, ар тараптуу жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Соңунда тараптар пландаштырылган демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылышына жана кызматташтыктын чыңдалышына ишенимин билдиришти

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу