Ким эмнени декларациялоо керек

Новости
20-Февраль 2024-ж.
760

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги күчүнө кирген “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамдын алкагында тактоо иштерин улантууда.

Мыйзам кимге тиешелүү?

- Кыргызстандын жарандыгын алгандардын баары.

- жашоого уруксаты бар адамдар.

- Кайрылмандар.

Сиз эмнени жарыялай аласыз?

- Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;

- Банктык эсептердеги акча каражаттары;

- Өлкөдө жана чет өлкөлөрдө накталай акча;

- Баалуу кагаздар,

- Виртуалдык активдер,

- Кыргыз Республикасындагы коммерциялык уюмдардын жана/же чет өлкөлүк уюмдардын уставдык капиталындагы жана мүлкүндөгү үлүштөр.

Мында активдер 2023-жылдын 1-январына чейин алынышы керек.

Эсиңизде болсун, мыйзам сизди мурунку мыйзам бузуулар үчүн куугунтуктоодон коргойт.

Ыктыярдуу декларациялоонун сыры сакталат!

Бирок! Мыйзам улуттук жана эл аралык издөөдө жүргөн адамдардын тизмесине жана санкциялык тизмеге киргизилген адамдарга карата колдонулбайт! Инсанга жана жеке менчикке каршы кылмыш жасаган адамдарга карата колдонулбайт!

Жашооңузду таза барактан баштаңыз! Кирешеңизди жана мүлкүңүздү декларациялаңыз!

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги.

"Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Жүктөө).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу