Декларанттын мамлекеттик кепилдиктери

Новости
20-Февраль 2024-ж.
969

Экономика жана коммерция министрлиги «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 12-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча декларациянын катышуучуларынын маалымдуулугун жогорулатуу максатында «мамлекеттик кепилдиктер» маселелери боюнча түшүндүрмө берүүдө.

Мамлекеттик кепилдиктер:

 - декларациялоо жол-жобосун жүргүзүү мезгилинде укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан декларантка жана/же активдердин номиналдык ээлерине карата активдерди сатып алуу, пайданалуу же тескөө маселелери боюнча текшерүүлөргө тыюу салынат;

- декларациялоо жүргүзүлгөндөн кийин декларациялоо мөөнөтү ичинде активдердин номиналдык ээлеринен өзүнө карата менчик укугун кайра тариздөө салыктарды төлөбөстөн жүргүзүлөт; 

- активдерди декларациялоо, ошондой эле атайын декларацияда камтылган маалыматтар кылмыш ишин козгоо, укук буузу жөнүндө иш боюнча өндүрүш, тартиптик өндүрүш, декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине карата салыктык, бажылык жана башка төлөмдөрдү эсептөө үчүн негиз катары пайдаланышы мүмкүн эмес;

- активдерди декларациялоо фактысы, ошондой эле атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларант жана/же активдердин номиналдык ээси катышкан кылмыш-жаза ишинин, укук бузуулар жөнүндө иштин алкагында далил катары пайдалынбайт;

- декларант активдерди декларациялоодо өзүнүн активдеринин келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотулат;

- берилген атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдери бардык мамлекеттик органда үчүн декларациялоо фактысын ырастоочу документ болуп саналат;

- декларант жөнүндө маалымдар жана атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларанттын жашыруун сыры деп таанылат жана ачыкка чыгаруу тийиш эмес 

 (Мыйзамдын 6-беренесинин 2, 3, 4, 6, 7, 8-бөлүктөрү).

Мамлекеттик кепилдиктердин шарттары:

Декларциялоо датасына карата декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине катара декларацияланып жаткан активдерди сатып алуунун, пайдалануунун же тескөөнүн мыйзамдуулугуна тиешелүү кылмыш-жаза же жарандык сот өндүрүшү жүргүзүлбөсө кепилдиктер колдонулат.

Декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине карата өзүнүн активдери Мыйзамда каралган тартипте алар тарабынан декларацияланган күндөн тартып колдонулат 

(Мыйзамдын 6-беренесинин 9, 10-бөлүктөрү). 

Декларанттар жана активдердин номиналдык ээлери төмөнкүлөрдөн БОШОТУЛАТ:

(декларацияланган активдерди сатып алууда, пайданалууда же тескөөдө):

КР мыйзамдарында каралаган салык, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн, ошондой эле бул бузуула атайын декаларцияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алуу, пайданалануу же болбосо тескөөгө байланышкан шартта, итиешелүү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен;

КРнын Кылмыш-жаза кодексинде каралаган жосундарды жасаса, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен;

КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине каралаган укук бузуулар жасаса, укук бузуулар үчүн жоопкерчилигинен;

тартип жопкерчилигине алып келүүчү мыйзамдарды бузса, эмгек жана башка мыйзамдарда каралган тартип жоопкерчилигинен (Мыйзамдын 6-беренесинин 5-бөлүгү).

Мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары:

Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө Мыйзамы менен белгиленген мамлекеттик кепилдиктерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жана/же башка жоопкерчилик тартат (Мыйзамдын 7-беренеси). КРнын кылмыш-жаза кодексинин

228-1-беренеси (Атайын декларацияда камтылган маалыматтарды ачыкка чыгаруу).


КР Мыйзамы Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө (Тиркеме).



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу