Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүүнүн алгоритми

Новости
19-Февраль 2024-ж.
1488

Декларациянын катышуучуларынын маалымдуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 12-бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө маалымдайт.

Тактап айтканда, мүлкүн декларациялоо процедурасынан өтүүгө кызыккан адамдарга кандай мүлктөрүн декларациялоого болот, легалдаштыруу кампаниясына кимдер катыша алат ж.б. суроолор бар.

Декларациялоо объекттери:

(Мыйзамдын 2-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту)

КРнын аймагында жана/же сыртта жайгашкан объектер:

- мурда таризделбеген;

- декларацияланбаган;

- таризделгени чыныгы наркынан айырмаланган наркы болсо;

Декларант:

- атайын декларацияны бир нускада толтурат;

- легалдаштырып жаткан активдеринин наркын өз алдынча аныктайт, көрсөтүлгөн нарктын тууралыгы текшерүүгө жатпайт;

- активдердин келип чыккан булактары жөнүндө маалымат берүүдөн бошотулат;

Бир нускада толтурулган атайын декларация күбөлөндүрүү үчүн кийинки документер менен кошо берилет:

- инсандыгын ырастоочу документ;

- мамлекеттик алымды төлөнгөн документин (50 сом);

- активдердин наркы 100 000 000 сомдон ашкан учурда декларациялык төлөм жөнүндө документ (1 000 000 сом). 

(Мыйзамдын 2-беренин 1-бөлүгүнүн 10 жана 11-пунктулары,  4-берененин 4-бөлүгү, 5-бөлүгүнүн 3-пункту, 6-берененин  7-бөлүгү)

- атайын декларацияны берет (бланк);

- атайын декларациянын толтуруу тартибин түшүндүрөт.

(Мыйзамдын 4-берененин 5-бөлүгүнүн 2-пункту)

- Мамлекеттик нотариус;

- КРнын консулдук мекемелеринин (элчиликтеринин) кызмат адамдары;

- нотариалдык иш-аракттерин жасоого укуктуу мамлекеттик кызмат адамдары.

(Мыйзамдын 2-беренин 1-бөлүгүнүн 7-пункту)

Активдер:

(Мыйзамдын 2-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту)

- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;

- банк эсептериндеги акчалай каражаттар;

- накталай акча каражаттары;

- баалуу  кагаздар, виртуалдык активдер;

- коммерциялык уюмдардын жана/же чет өлкөлүк уюмдардын уставдык капиталындагы жана мүлкүндөгү катышуу үлүштөрү (пайлар).

Активдердин ыктыярдуу легалдаштыруунун аякташы:

- атайын декларация декаларантта сакталат;

- атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди жана обьектерди декларациялоо мөөнөтүнүн ичинде номиналдык ээлеринен өзүнө карата менчик укугун кайра тариздөөдө милдеттүү (2024-жылдын 9-июнуна чейин);

- кайра тариздөө салыктарды төлөнбөстөн жүргүзүлөт;

- кайра тариздөө жарандык мыйзамдарына ылайык декларациялануучу мүлктү менчикке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

(Мыйзамдын 4-берененин 5-бөлүгүнүн 4-пункту, 6-беренин 3-бөлүгү)

Атайын декларацияны катто учурунда төмөнкү иш-чалар жүргүзүлөт:

- атайын декларацияда көрсөтүлгөн маалымат декларантты ырастоочу документи менен жана өздүк кол тамгасынын шайкештигин текшерет;

- Реестрге атайын декларациянын жеке катар номерин, толтурулган датасын, декларанттын жеке маалыматтарын киргизет. Атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдер тууралу маалымат Реестрде көрсөтүлбөйт;

- декларанттын кол тамгасын өзүнүн кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрөт жана аны декларантка тапшырат;

- атайын декларациядан көчүрмөлөрдү жасоого тыюу салынат.

(Мыйзамдын 4-берененин 5-бөлүгүнүн 4-пункту жана 8-бөлүгү)

КР Мыйзамы Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө (Тиркеме).


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу