Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылдын январындагы негизги көрсөткүчтөрү боюнча кыскача экспресс маалымат

Новости
14-Февраль 2024-ж.
1607

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2024-жылдын январында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 73,3 млрд сомду түздү жана реалдуу өсүү темпи 107,4%ды (2023-жылдын январында - 102,8%) түздү.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 23,6%га, тейлөө чөйрөсүндө – 5,5%га, өнөр жайда – 19,3%га, айыл чарбасында – 1,4%га өскөн.

Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 27,6%ды, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 52,1%ды түздү.

Өнөр жай. 2024-жылдын январында өнөр жай ишканалары тарабынан 37,6 миллиард сомдук дүң продукция өндүрүлгөн. Өндүрүштүн көлөмү 2023-жылдын январына салыштырмалуу 16,5%га өстү (2023-жылдын январында – 9,1%га өскөн).

Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 3,35 пайыздык пунктту түздү. ИДП өндүрүшүнүн структурасында өнөр жайдын үлүшү 20,8%ды түздү.

Айыл чарба. 2024-жылдын январында айыл чарбасынын дүң продукциясы 11,7 млрд сомду түздү. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 101,4% түздү. 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшүнүн өсүшү негизинен мал чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшү менен шартталган.

Айыл чарба өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 0,08 пайыздык пунктту түзгөн. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 5,0%ды түздү.

Курулуш. 2024-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 3,2 млрд сомду түзүп, 27,7%га өстү (2023-жылдын январында 0,3%га азайган).

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2024-жылдын январында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 3,2 млрд сомду түзүп, 23,6%га өстү (2023-жылдын январында 0,7%га өскөн).

Кызмат көрсөтүү сектору. 2024-жылдын январь айынын акырына карата тейлөө тармагынын дүң продукциясынын көлөмү 58,7 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,8%га өстү.

Кызмат көрсөтүүчү экономика секторлорунун структурасында эң чоң үлүштү дүң жана чекене соода - 26,9%, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 10,1% жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтары - 12,8% ээлейт.

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 100,2%ды түздү (2024-жылдын январь айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2024-жылдын январынан 2023-жылдын январына чейин) 105,9%ды түздү.

Мында, азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга - 0,4%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына - 0,7%га, ал эми азык-түлүк эмес товарларга баалар жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер өткөн айдын деңгээлинде сакталган.

Баалардын калыптанышына төмөнкү факторлор таасир эткен:

- ички рыноктун азык-түлүк товарларынын (ун, өсүмдүк майы, кант, жарма ж.б.) импортунан көз карандылыгы;

- азык-түлүк товарларына (жемиштер, жашылчалар) баанын сезондук өзгөрүшү;

- дүйнөдө санкциялык саясаттын курчушуна байланыштуу жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы, тиешелүүлүгүнө жараша логистика наркынын жогорулашы;

- товардык жана финансылык рыноктордогу туруксуздук;

- туруксуз геосаясий кырдаал;

- калктын кирешелеринин өсүшүнүн эсебинен ички суроо-талаптын өсүшү (эмгек акынын, пенсиялардын жана жөлөкпулдардын көбөйүшү);

- турак жай-коммуналдык чарбага, транспортко, электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу;

- калктын жогорулатылган инфляциялык күтүүлөрүн сактоо.

Эмгек акы. Чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2023-жылдын январь-декабрында 33258 сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 20,3%га өстү.

2023-жылдын январь-декабрында өткөн жылга салыштырмалуу орточо айлык номиналдык чегерилген эмгек акынын өсүү темпи экономикалык иштин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалды.

Тышкы жана өз ара соода. 2023-жылдын январь-декабрында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 15,7 млрд АКШ долларын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 29,9%га өстү. Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 21,1%ды, импорттуку 78,9%ды түздү.

2023-жылдын январь-декабрында товарлардын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу 46,8%га өсүп, 3,3 млрд АКШ долларын түздү. 2023-жылдын январь-декабрында товарлардын импортунун көлөмү 12,4 млрд АКШ долларын түздү жана өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 26,0%га өстү.

2023-жылдын январь-декабрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,4 млрд АКШ долларын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 8,7%га азайган. ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттук берүүлөр 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 18,2%га , ал эми импорттук түшүүлөр 4,3% кыскарган.

 Республиканын өз ара соодасынын эң чоң салыштырма салмагы ушул мезгилде Россия (67,3%) жана Казакстанга (30,3%) туура келген.

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 11,3 млрд АКШ долларын түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу