Экономика министрлигинде текстиль жана тигүү тармагынын көйгөйлүү маселелери талкууланды

Новости
02-Ноябрь 2015-ж.
2001

2015-жылдын 30-октябрында Экономика министрлигинде «Союзтекстиль» жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын жана Кыргыз Республикасынын «Легпром» жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын өкүлдөрү менен текстиль жана тигүү тармагынын көйгөйлүү маселелери талкууланган жолугушуу болуп өттү.

Акыркы убакты текстиль өндүрүшүндө, анын ичинен кийим, бут кийим, булгаары жана башка булгаарыдан жасалган буюмдардын текстиль өндүрүшүндө - 16,3% терс динамикасы белгиленүүдө. Түзүлгөн абалдын себеби: продукцияга болгон тапшырыктардын төмөндөшү; тапшырыкчылардын төлөө мүмкүнчүлүгүнүн жок болушу; ата мекендик продукциянын атаандаштык мүмкүнчүлүгүнүн жогу жана өнүктүрүүгө жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги болду.

Жогоруда аталган көйгөйлөрдү жана чечүү жолдорун толугураак талкуулоо үчүн Улуттук статистика комитетинин, Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен кошумча жолугушуу пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу