Министрдин орун басары С.Болотов энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду ишке киргизүү боюнча IFC менен кеңешме өткөрдү

Новости
01-Февраль 2024-ж.
932

Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов  2024-жылдын 1-февралында ал Эл аралык финансы корпорациясынын IFC миссиясы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында, тактап айтканда, геотермалдык энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу маселелери талкууланды.

Министрдин орун басары бул багытта кызматташууну түзүүнү жана геотермалдык энергетика тармагындагы алгачкы пилоттук долбоорлорду ишке киргизүүнү сунуштады, алар иштетүү үчүн жеткиликтүү жана арзан.

IFC Эл аралык финансы корпорациясы Кыргыз Республикасында пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү, анын ичинде геотермалдык энергетика чөйрөсүндөгү мындан аркы долбоорлорду масштабдоо маселесин кароого даяр экендиги жөнүндө билдирди. Алар геотермалдык энергияны пайдаланууга өтүү бир катар өлкөлөрдө, мисалы, АКШ, Индонезия, Түркия, Польша ж.б. ийгиликтүү практикаланып жатканын белгилешти. Геотермалдык энергиянын механизми парник газдарынын эмиссиясын бир топ кыскартат жана климаттын өзгөрүшүн жумшартуу жаатындагы улуттук максаттарга жетишүүгө салым кошот.

Маалымат иретинде: 

Геотермалдык энергия күнү-түнү туруктуу энергия менен камсыз кыла ала турган бир нече кайра жаралуучу энергия булактарынын бири. Туура шарттарда геотермалдык энергия көмүр же жаратылыш газы менен атаандаша алат. Геотермалдык энергия энергиянын таза булагы болуп саналат жана ошону менен энергетика тармагынын экологиялык туруктуулугунда маанилүү ролду ойной алат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу