Коррупциянын алдын алуу боюнча 2023-жылдагы иш-чараларынын жыйынтыктары каралды

Новости
31-Январь 2024-ж.
489

2024-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында коррупциянын алдын алуу боюнча 2023-жылдагы иш-чараларынын жыйынтыктары каралды.  Белгилүү болгондой, ар бир мамлекеттик органда коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (мындан ары – Ыйгарым укуктуу) бир штаттык ордун кызмат өтүүдө. Министрликтин Ыйгарым укуктуусу Назгул Сыдыгалиева баяндамасында 3 багытта жыйынтыкарды көрсөттү:  антикоррупциялык стратегия, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу жана антикоррупциялык пропаганда.

1. Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тутумунда коррупциянын алдын алуу боюнча стратегиялык иш-чаралардын планы (мындан ары – СИП) иштелип чыгып 2023-жылдын 4-майындагы № 61 министрликтин буйругу менен бекитилген. Планда каралган иш-чаралар коррупциянын алдын алуу жана жарандардын министрликке болгон ишенимин чыңдоо жаатында иштиктүү чараларды көрүүгө багытталган.

СИПтин негизги  индикатору катары Калктын министрликке ишениминин индексин жогорулатуу коюлган. Калктын министрликке болгон ишеним индекси  Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык жыл сайын өсүү тенденциясына ээ: 2021-жылы 27,0, 2022-жылы – 30,7, 2023-жылы – 32,7. Алдын ала айта кетсе, бул индекс калкты сурамжылоо аркылуу эсептелет, үч категориядан жана алар үчүн үч примитивдүү суроодон турат. Ал эми дүйнөлүк практикага кайрылсак, коррупциянын көрсөткүчтөрү эксперттик талдоо аркылуу аныкталып ошондо гана минималдуу каталар менен жана объективдүү аныкталат. Андыктан, бул индикаторду жогорулатуу жалаң эле министрликтин  ишмердигине эмес, башка факторлорго көз каранды.

СИПте каралган негизги иш-чаралар: 

коммерциялык уюмдарда ак ниет корпоративдик башкаруу принциптерин ишке ашыруу

эл аралык ISO 37001 стандартын ишке ашыруу. 

мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө аутсорсинг принциптерин ишке ашыруу. 

ченемдик укуктук актыларды (мындан ары – ЧУА) иштеп чыгууга жана жылдырууга бизнес-коомчулуктун катышуусуна мониторинг жүргүзүү

жарандардын кайрылууларына мониторинг жүргүзүү /кайтарым байланыш

мамлекеттик кызматчылардын  коррупцияга каршы жүрүм-турумунун туруктуу стандарттарын калыптандыруу

кызматкерлер үчүн коррупцияга каршы окутуу жүргүзүү

Ошондой эле, министрликке караштуу бардык ведомстволук түзүмдөр бул планга ылайык өздөрүнүн пландарын иштеп чыгып буйруктары менен бекитишти.  

СИПтин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин суроо-талабы боюнча жөнөтүлүп турат, жана пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат министрликтин расмий сайтында жайгаштырылууда.

2. Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары - Тизме) иштелип чыгып 2023-жылдын 24 июлунда № 01 буйругу менен бекитилди. 

Маалым болгондой министрлик негизинен саясатты иштеп чыгуучу орган болгондуктан жана көзөмөлдөө же контролдоо функциялары ведомстволук түзүмдөрдө гана кездешкендиктен, негизги функциялар коррупциялык тобокелдиктерди түзбөйт. Ошентсе да Тизмеге потенциалдуу коррупциялык тобокелдиктерди түзүүчү 24 функция кирди, анын ичинде -  жөнгө салуучу функциялар - 11, колдоо - 5, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү - 4, координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары – 4.

Коррупциялык тобокелдиктерди баалоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 буйругу менен бекитилген Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмого ылайык (мындан ары – Методикалык колдонмо) жүргүзүлдү.

Тизмеге ылайык, коррупциялык тобокелдиктерди жойу же азайтуу максатында буйрук менен үч багытта көрсөтмөлөр каралган:

1) тобокелдиктерди эффективдүү башкаруу багытында:

-    административдик процедураларды так регламентациялоо;

-    автоматташтырууну максималдуу түрдө камсыз кылуу;

-    ЧУАларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү.

2)  индивидуалдуу факторго байланыштуу болгондуктан кызмат адамдарга коррупциялык укук бузууларды жасоосуна жол бербөө:

-    декларациялар (салык жана өздүк) аркылуу киреше чыгашаларды көзөмөлдөө. 

-    кайрылуулар, пресса жарыялоолордун негизинде;

-    видео жана аудио байкоо колдонуу

3)    кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик кызматчыларды ротациялоонун эффективдүү планын түзүү.

Тизме Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген, ошондой эле министрликтин расмий сайтында жайгаштырылган.

Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында Тизме иш жүзүндө иштеши үчүн 2024-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – План) иштелип чыгып министрликтин 2023-жылдын 24-июлундагы № 01 буйругу менен бекитилген. Мамлекеттик органдардын арасында бул жаңылык.  Тизмедеги коррупциялык тобокелдиктерге дуушар болгон бардык функциялар Планга милдет жана конкреттүү иш-чаралар, жана алардын аткарылышынын/жыйынтыгынын индиктарлору түрүндө кирди. Анын ичинде: 

бардык министрликтин компетенциясындагы лицензия, уруксаттарды электрондук форматка которуу; 

функцияны талдоо жана анын жыйынтыгы боюнча ЧУАларга өзгөртүүлөрдү киргизүү; 

субъекттер менен электрондук өз ара аракеттенүү (мисалы баалуу кагаздардын чыгарылышы жана каттоодо, ченөө каражаттарын текшерүүдө, сертификациялоодо ж.б.);

ошол эле функцияларга кардардын талабы боюнча фото видео байкоо жүргүзүү;

ISO 37001 киргизүү; 

атайын администраторлорду KPI аркылуу баалоо;

комиссиялардын курамына көз карандысыз эксперттерди милдеттүү түрдө киргизүү ж.б. 

Ошондой эле, планда ак ниеттүүлүк принциптерин ишке ашыруу алкагында жаңы сунуштар да каралган. Булар:

коррупциянын алдын алуу боюнча бирдиктүү мамиле түзүүгө багытталган негизги принциптер жана талаптардан турган ак ниет башкаруу боюнча декларация иштеп чыгуу; 

тобокелдиктерди аныктоо жана процесстерди жакшыртуу максатында ички аудитти киргизүү;

саясатты иштеп чыгууда коррупциялык факторлорду жоюу максатында ЧУА долбоорлоруна антикоррупциялык алгачкы  экспертизаны өткөрүү. 

Планды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана аткарылышын баалоонун объективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жетишилген натыйжага баа берүүнүн критерийлери бекитилген. Буйрукка ылайык, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуунун жүрүшү квартал сайын мониторинг жүргүзүү жана пландын аткарылышын жыл сайын баалоо аркылуу көзөмөлдөнөт.

3. Антикоррупциялык пропаганда боюнча эки багытта иш алып барылды. 

Коррупциялык тобокелидктерди аныктоо жана аларды башкаруу ишинин алкагында бир нече семинар жана консультация иштери жүргүзүлдү. Анын ичинде министрликтин кызматкерлери үчүн жана башка органдардын ыйгарым укуктууларына толук кандуу антикоррупциялык семинар откүрүлдү, министриктин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн катышуусу 100% камтыды, жыйынтыгында сертификат тапшырылды.

Мындан тышкары Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин демилгөөсү менен жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында антикоррупциялык декаданын алкагында  министрлик өзүнүн семинарын тартуулада. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу