⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас

Стандартташтыруу жана метрология борбору Корея делегациясы менен жолугушууда кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты

Новости
29-Октябрь 2015-ж.
3270

27-октябрда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордо (СМБ) Корей Технология жана стандартташтыруу агенттигинин (Корея Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы), Корея Республикасынын кийимдерин илимий-изилдөө жана сыноо институтунун, Корей Стандарттар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Бул жолугушууда Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай продукциясын стандартташтыруу, түзүү, сыноо лабораторияларын модернизациялоо жаатында кызматташуу боюнча маселелер талкууланды.