Министр Д.Амангелдиев: 2023-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион 228 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдардагы көлөмдөн бир топ ашып кетти

Новости
30-Январь 2024-ж.
926

Бул тууралуу 2024-жылдын 30-январында 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегияда КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Коллегиянын алкагында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, салык реформасы, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашууларды ишке ашыруу маселелери, айрым социалдык маанидеги товарларды мамлекеттик жөнгө салуунун жыйынтыктары, Кыргызстандардын сыноо жана метрологиялык лабораторияларынын мүмкүнчүлүктөрү, тышкы соода тармагындагы иш-чаралар, алдыдагы жылдагы милдеттер жана перспективалар каралды.

Министр белгилегендей, бүгүн Салык салуу боюнча Улуттук форум өтүп, анын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2050-жылга чейинки пландар менен баяндама жасады. Тактап айтканда, ички дүң продукциянын көлөмү 200 миллиард доллардан кем эмес болушу керектиги белгиленип: «Эгерде бул тенденция сакталбаса, анда биз абдан тез темп менен өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн артында калабыз», - деди.

Ал ошондой эле, «бул жыйынтыкка жетүү үчүн ата мекендик бизнести жана тейлөө тармагында иштегендерди колдоо керек. Мунун баары салык реформасы аркылуу ишке ашат. Биз буга чейин экономикабыздын көмүскө сектору 70%дан 80%га чейин экенин айтканбыз. Ал эми акыркы эки жылда фискалдаштыруу саясаты өз жыйынтыгын берип, 2022-жылдын аягында экономиканын өсүү темпи 9%ды түздү. Демек, бул бизге 1,75% өсүш берет, демек ИДП 2023-жылы 1 триллион 228 миллиард сомду түздү. Бул өткөн жылдардагы көлөмдөн бир топ жогору”, - деп баса белгиледи министр.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу