Басма сөз билдирүү Экономика жана коммерция министрлигинде 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия өтөт

Новости
29-Январь 2024-ж.
804

2024-жылдын 30-январында саат 13:00дө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң жыйындар залында 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрүлөт.

Күн тартибине төмөнкү маселелерди кароо киргизилген:

- “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылга ишинин жыйынтыгы жөнүндө”;

- “Салык реформасы: 2023-жылдын жыйынтыгы. 2024-жылга бюджеттик саясаттын пландары»;

- “Дүйнөлүк соода уюмунун соода жол-жоболорун жеңилдетүү жөнүндө макулдашууну 2023-жылы ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат”;

- 2023-жылдагы коррупциянын алдын алуу боюнча Министрликтин ишинин жыйынтыгы»;

- 2023-жылга карата иштин жыйынтыктары жана айрым социалдык маанидеги товарларды мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалары»;

- “Кыргызстандарддын сыноо жана метрологиялык лабораторияларынын мүмкүнчүлүктөрү”;

- "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан тышкы соода жаатындагы иш-чаралар жөнүндө маалымат;

- “2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин аткаруу дисциплинасынын абалы жөнүндө”.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу