Кыргыз Республикасы менен ТИКАнын ортосундагы кызматташтык маселелери жана өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары жөнүндө

Новости
27-Январь 2024-ж.
952

2024-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министрдин орун басары Санжар Болотов менен Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) программалык координатору Мехмет Бодур мырзанын жолугушуусу болуп өттү. 

Министрдин орун басары С.Болотов ТИКАга Кыргыз Республикасы менен активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде М.Бодур мырза Кыргыз Республикасы менен ТИКАнын ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө позитивдүү мамилени белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен ТИКАнын ортосундагы кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын, атап айтканда, өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду жана программаларды талкуулашты. Ошол эле учурда ТИКАнын техникалык жардамынын алкагында портфелди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, кыргыз тарап аймактарды өнүктүрүү, билим берүү, санариптештирүү, социалдык чөйрө сыяктуу тармактарда мүмкүн болуучу келечектүү долбоорлорду, ошондой эле экономикалык кирешелүү долбоорлорду талкуулоону сунуштады.

Министрдин орун басары кыргыз тараптын кызматташтыкты өнүктүрүүгө мындан ары да кызыкдар экенин ырастап, ошондой эле Кыргыз Республикасында ТИКА долбоорлорун ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө ишендирип кетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы ар кандай келечектүү багыттар боюнча кызматташуунун бир катар пункттарын камтыган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы жыйынына даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. ошондой эле активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу