Облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик болжолдоо системасы менен таанышты

Новости
26-Январь 2024-ж.
885

25-26-январь күндөрү Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары үчүн окуу семинары өтүүдө.

Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов облус жетекчилерин жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жалпысынан жана аймактар боюнча 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги жыйынтыктары менен тааныштырды. Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга иш-чаралар планына киргизилген негизги багыттарга токтолду.

Ал белгилегендей, аймактарды жана өлкөнүн экономикасынын стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп, бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт. Маанилүү багыттардын катарына административдик-аймактык реформаны улантуу, жашыл экономиканы өнүктүрүү, 100 өндүрүштүк ишкананы ишке киргизүү, Майлуу-Суудагы заводду модернизациялоо боюнча иштерди улантуу, Токмок шаарында асфальт-бетон аралашмаларын чыгаруу өндүрүштүк жаңы заводду куруу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана башка аймактарда «Бир айыл – бир продукт» окуу-логистикалык борборлорун түзүү жана башкалар бар.

Катышуучулар ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик болжолдоо системасы тууралуу кеңири маалымат алышты. Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги Алмаз Абдекиров мамлекеттик болжолдоо тутумунун негизги түшүнүктөрү, анын процесстери, болжолдоо процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, ошондой эле облустук жана райондук деңгээлдеги болжолдоо модели менен тааныштырды. Жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолун даярдоодо аймактарда туш болгон көйгөйлөр айтылып, ал бул маселеде методикалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу