ЕАЭБ АЙМАГЫНАН ИШТЕТИП АЛМА ЧИЙКИ ЗАТ БОЮНЧА КОРУТУНДУ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Кыргыз Республикасында өнөр жайлык кайра иштетүүгө багытталган, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу иштетип алма чийки затты (товарларды) өнөр жайлык кайра иштетүүнү ырастоо жөнүндө корутунду берүү тууралуу маалымат.


Иштетип алма чийки затты кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 5-тиркемесине ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутунду менен ырасталат.


Кыргыз Республикасында иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн ШАРТТАРЫ


1. Жалпы жоболор

1. Ушул шарттар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 302-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу Кыргыз Республикасында өнөр жайлык кайра иштетүүгө арналган иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн шарттарын аныктайт.

2. Ушул шарттарда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) өнөр жайлык кайра иштетүү - Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасы (мындан ары - ЕАЭБ ТЭИ ТН) боюнча классификациялык коду биринчи төрт белгинин кайсынысы болбосун деңгээлинде өнөр жайлык кайра иштетүүгө ташып киргизилген товарлардын кодунан айырмаланган жаңы товарларды алуу үчүн өндүрүштө товарларды (чийки затты жана (же) материалдарды) пайдалануу;

2) салык төлөөчү - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого алынган юридикалык жак же жеке ишкер;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - өнөр жайды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган.

3. Иштетип алма чийки затты кайра иштетүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутундусу менен ырасталат.

4. Товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутунду ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салык төлөөчү төмөнкүдөй документтерди берген учурда чыгарылат:

1) кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутундуну берүү тууралуу арыз (эркин формада);

2) бүтүмдүн (контракт, келишим) болгондугун ырастаган документтин көчүрмөсү, арыз ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, ага карата тиркемелер жана (же) толуктоолор;

3) ЕАЭБ ТЭИ ТНге ылайык он белгинин деңгээлинде өнөр жайда кайра иштетилген товарлардын жана продукттардын аталышын жана классификациясын ырастаган документтин арыз ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

4) өнөр жайлык кайра иштетүү продуктуларынын чыгуу нормаларын эсептөөнүн таблицасы, ага товарларды өнөр жайлык кайра иштетүү боюнча операциялары (технологиялык процесске негизделген), аларды жакшыртуунун ыкмалары, товарларды идентификациялоонун ыкмалары, ошондой эле товарларды өнөр жайлык кайра иштетүүнүн мөөнөттөрү кирет;

5) салыктык катталуусу жөнүндө каттоо документинин көчүрмөсү;

6) салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карыздарынын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкаты.

5. Берилген документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 15 (он беш) календардык күндүн ичинде каралат. Кароонун жыйынтыгында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө тиешелүү (оң же терс) корутунду чыгарылат.

6. Товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө терс корутунду төмөнкү учурларда чыгарылат:

1) арыз ээси тарабынан корутундуну алуу үчүн берилген документтерде так эмес маалыматтар болгондо;

2) ушул шарттардын 4-пунктунда каралган документтердин пакети толук берилбегенде.

7. Товарларды кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө корутунду салык төлөөчүгө төмөнкүдөй жолдор менен тапшырылат:

1) кайрадан кабарлоо менен почта аркылуу жиберилет жана салык төлөөчүнүн экономикалык иш жүргүзгөн акыркы дареги боюнча, же анын Кыргыз Республикасында катталган акыркы дареги боюнча, же салык төлөөчүнүн салык өкүлүнө жеткирилет;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан салык төлөөчүнүн жеке өзүнө же анын салык өкүлүнө кол коюу менен берилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу