«Е-стандартташтыруу» АМС
4992

“Стандарттардын интернет-дүкөнү”  автоматташтырылган маалыматтык системасы Стандартташтыруу боюнча документтерди издөө, тандоо жана көчүрмөлөрүн кагаз жүзүндө же электрондук маалымат каражаттарында берүү жана маалыматтык абонент үчүн кардарларды тейлөө” мамлекеттик кызматын көрсөтөт.

Колдонуучулардын кеңири чөйрөсү үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында, стандарттарды сатуу жана ушул кызматты электрондук форматта көрсөтүү үчүн Стандарттардын интернет-дүкөнү Автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) программасы иштелип чыккан.

Программа чарбалык субъекттерге иш кагаздарын кеңседен чыкпастан, керектүү стандарттарды издөөнү, тандоону жүргүзүүгө жана акы төлөгөндөн кийин документтерди электрондук түрдө алууга мүмкүндүк берет.

Бул кызмат Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча документтерин жайылтууга ыйгарым укугу бар бирден-бир орган болуп эсептелет.

Техникалык регламенттер жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунун негизги иш-милдети бардык кызыкдар жактарды стандартташтыруу боюнча фонддо бар документтер менен түзүү жана киргизүү, чыгаруу жана камсыз кылуу болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу