“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
4708

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2014-жылдын 24-апрели № 64

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы N 126, 2017-жылдын 27-мартындагы N 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелеринин укуктук негизи болуп саналат.

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын милдеттери жана колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун, токтото туруунун жана денонсациялоонун тартибин белгилейт.

Эл аралык келишимдер эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция), Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык келишимдердин өзүнүн жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлөт, аткарылат, токтотула турат жана денонсацияланат.

2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүнүн, аткаруунун, токтото туруунун жана денонсациялоонун ушул Мыйзамда белгиленген тартиби  алардын түрүнө, формасына жана аталышына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык эл аралык келишимдерине карата колдонулат.

2-берене. Терминдердин колдонулушу

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү терминдер пайдаланылат:

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими - эл аралык мамилелер жаатындагы укуктар менен милдеттенмелерге карата бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык укуктун башка субъекттери менен Кыргыз Республикасынын тең укуктуу жана ыктыярдуу макулдашуусу болгон, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим;

түзүү - эл аралык келишимдин долбоорунун текстин даярдоо, аны кабыл алуу, эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөө жана анын милдеттүүлүгүнө макулдук билдирүү боюнча аракеттердин ырааттуулугун билдирет;

кол коюу - ыңгайга жараша эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөөнү (эл аралык келишимдин биротоло формасын жана мазмунун белгилөө) же болбосо эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ыкмасын билдирет;

ички мамлекеттик жол-жоболор - эл аралык келишимди ратификациялоону, кошулууну же бекитүүнү билдирет;

ратификациялоо, кошулуу жана бекитүү - ыңгайга жараша Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдин өзү үчүн милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ыкмасын билдирет;

ыйгарым укуктар - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынан же компетенттүү мамлекеттик органынан чыгуучу документти билдирет жана ал аркалуу бир же бир нече адам Кыргыз Республикасынын атынан төмөнкү максаттарда чыгуу үчүн дайындалат;

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эл аралык келишимдин долбоорунун текстин кабыл алуу;

- эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөө;

- эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдукту билдирүү;

- эл аралык келишимге тиешелүү кандай болбосун башка актыны жасоо;

парафирлөө - эл аралык келишимдин тараптарынын ыйгарым укуктуу жактары тарабынан эл аралык келишимдин долбоорунун баракчаларына өздөрүнүн аты-жөндөрүн коюудан же башка макулдашылган ыкмалардан көрүнгөн эл аралык келишимдердин долбоорунун тексттин биротоло макулдашууну күбөлөндүрүүнү билдирет;

эл аралык келишимдин тараптары - ыңгайга жараша эл аралык келишимдин долбоорунун текстин даярдоого, аны кабыл алууга катышкан же эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилеген же болбосо эл аралык келишимдин катышуучусу болуп саналган эл аралык укук субъектин билдирет;

аутенттүү тексттер - ар кайсы тилдерде түзүлгөн, бирок бирдей юридикалык күчкө ээ эл аралык келишимдин тексттерин билдирет;

эскертме - эл аралык келишимге кол коюуда (эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөөдө) же анын өзү үчүн милдеттүүлүгүнө макулдук билдирүү аркылуу эл аралык келишимди ал тарапка карата колдонууда эл аралык келишимдин белгилүү бир жоболорунун юридикалык колдонулушун алып салуу же өзгөртүү аркылуу жасалган эл аралык келишимдин талаптарынын бир тараптуу билдирүүсүн билдирет;

эл аралык уюм - тиешелүү эл аралык келишимди түзүү жолу менен уюшулган мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык уюмду билдирет;

депозитарий - эл аралык келишимдин түп нускасы сактоого берилген жана ал келишимге карата эл аралык укукта каралган функцияларды аткарган мамлекетти, эл аралык уюмду же анын башкы аткаруучу кызмат адамын же болбосо анын ыйгарым укуктуу органын билдирет;

денонсация (токтотуу, андан чыгуу) - эл аралык укуктун ченемдерине ылайык эл аралык келишимдин тарабына карата эл аралык келишимдин колдонулушун токтотуу;

кошулуу жөнүндө грамота, ратификациялык грамота - тиешелүүлүгүнө жараша кошулуу же ратификациялоо жолу менен ал үчүн эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдукту Кыргыз Республикасынын билдирүүсү жөнүндө күбө болуучу атайын документ.

3-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык келишимдердин аталышы жана түрлөрү

1. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык келишим келишим, макулдашуу, конвенция, протокол деп аталышы, ошондой эле башка аталыштарга ээ болушу мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык келишимдер ага катышкан тараптардын саны боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу болуп бөлүнөт.

Колдонуу мөөнөтү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери мөөнөттүү жана мөөнөтсүз болуп бөлүнөт.

3. Эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен төмөнкүлөрдүн атынан түзүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын - мамлекеттер аралык эл аралык келишимдер;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) - парламенттер аралык эл аралык келишимдер;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) - өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер;

4) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарынын - ведомстволор аралык эл аралык келишимдер.

4-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык келишимдердин тили жана формасы

1. Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде, ал эми айрым учурларда - Кыргыз Республикасынын расмий тилинде жана (же) эл аралык келишимдин башка тарабынын (тараптарынын) тилинде түзөт.

Эл аралык келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт.

Эл аралык келишимдин тараптарынын макулдашуусу боюнча келишимдин тили болуп башка тил да аныкталышы мүмкүн.

Эл аралык келишимдин тексти түзүлгөн тил ошол келишимдин текстинде көрсөтүлөт.

Эгерде эл аралык келишим эл аралык уюмдун алкактарында түзүлсө, Кыргыз Республикасы эл аралык келишимди ошол эл аралык уюмдун жумушчу тилинде же болбосо эл аралык уюмдун тараптары менен макулдашылган тилде түзөт.

2. Эл аралык келишимди же анын долбоорун мамлекеттик жана (же) расмий тилдерге которуу зарыл болгон учурда, которуу аны түзүү жөнүндө сунуш киргизген мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

5-берене. Кыргыз Республикасынын өзү үчүн эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдук билдирүү ыкмалары

1. Кыргыз Республикасынын өзү үчүн эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдугу төмөнкү жолдор менен билдирилиши мүмкүн:

1) эл аралык келишимге кол коюу (ратификациялоого же бекитүүгө жатпаган эл аралык келишимдерге карата);

2) эл аралык келишимди түзгөн ноталарды же каттарды алмашуу;

3) эл аралык келишимди ратификациялоо;

4) эл аралык келишимге кошулуу;

5) эл аралык келишимди бекитүү;

6) эл аралык келишимдин башка тарабы (тараптары) менен келишилген макулдук билдирүүнүн кандай болбосун башка ыкмасын колдонуу.

2. Эл аралык келишимдердин Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ыйгарым укуктуу кызмат адамдары же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген алардын компетенцияларына ылайык жүзөгө ашырылат.

Эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүүлүгүнө макулдугун билдирүү ратификациялоо, кошулуу же бекитүү жолу менен тиешелүү ченемдик укуктук актыны чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырылат.

2-глава. Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык келишимдерди түзүүнүн жана күчүнө кирүүсүнүн тартиби

6-берене. Эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар

1. Мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан, ошондой эле ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, ушундай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер алардын компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) менен макулдашуу боюнча киргизилет.

2. Парламенттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Жогорку Кеңешке Жогорку Кеңештин депутаттары, кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынын киргизилет.

Парламенттер аралык эл аралык келишимдерди түзүүнүн тартиби Жогорку Кеңеш тарабынан Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун кабыл алуу жолу менен белгиленет.

3. Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өкмөттөр аралык эл аралык жана мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Өкмөткө кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, ушундай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет.

4. Жогорку Кеңеш жана сот бийлигинин органдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун атынан (мындан ары - Жогорку сот) төмөнкүлөрдү сунуштай алышат:

1) Президентке мамлекеттер аралык эл аралык келишимди түзүү жөнүндө маселени кароону;

2) Премьер-министрге өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди же Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө маселени Өкмөт тарабынан кароону.

5. Мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимди түзүү жөнүндө сунушка тиешелүүлүгүнө жараша Президентке же Өкмөткө киргизүүдө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) эл аралык келишимдин долбоорунун тексти;

2) аны түзүүнүн максатка ылайыктуулугунун негиздемеси, эл аралык келишимди ишке ашыруунун андан аркы механизми;

3) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууну ырастоочу документ;

4) юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишимдин долбоорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайыктуулугуна баасы;

5) каржы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишим түзүлгөн учурда мүмкүн болуучу каржылык кесепеттери жөнүндө баасы;

6) Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун эл аралык келишим түзүлгөн учурунда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө баасы;

7) Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери менен төмөнкүлөргө карата макулдашууну ырастоочу документ:

а) кийин ратификациялоого жаткан эки тараптуу эл аралык келишимдин долбоору;

б) анын жоболору чегинүүлөрдү билдирүүгө тыюу салган же белгилүү категориядагы чегинүүлөрдү гана билдирүүгө жол берген, Жогорку Кеңеш тарабынан кийин ратификациялоого жаткан көп тараптуу эл аралык келишимдин долбоору;

в) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.

6. Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү жөнүндө сунуштар Өкмөткө макулдашууга кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча киргизилет.

Ведомстволор аралык эл аралык келишимдерди түзүүнүн, аткаруунун, токтото туруунун жана денонсациялоонун (токтотуунун, андан чыгуунун) тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

7-берене. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды макулдашуу

1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоору жана аларды түзүү жөнүндө сунуштар Президентке, Өкмөткө киргизилгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүн эске алуу менен алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары менен макулдашылат.

2. Тиешелүү комитеттерде макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке төмөнкүлөр жиберилет:

1) Жогорку Кеңеш тарабынан кийин ратификациялоого жаткан мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эки тараптуу эл аралык келишимдин долбоору;

1-1) ноталар же каттар жана (же) алардын долбоорлору - эгерде кийин Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууга жаткан мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишим эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүү болжолдонгон учурда;

2) жоболору чегинүүлөрдү билдирүүгө тыюу салган же белгилүү категориядагы чегинүүлөрдү гана билдирүүгө жол берген, Жогорку Кеңеш тарабынан кийин ратификациялоого жаткан көп тараптуу мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдин долбоору.

Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык талап кылынган башка документтер менен бирге Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине жиберилет.

3. Президент жана Премьер-министр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн сунуштамалары менен макул болгон учурда, Президент жана Премьер-министр тиешелүү эл аралык келишимдин долбоорун түзүү жөнүндө сунушту иштеп чыгууну жана макулдашууну ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго тапшырат же болбосо Президенттин жана Премьер-министрдин сунушу боюнча жогоруда көрсөтүлгөн иштеп чыгуу жана макулдашуу ушундай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдарына жүктөлөт.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттердин же эл аралык уюмдардын тиешелүү органдары менен эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоо боюнча консультацияларды өткөрүшөт.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы N 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу чечимдер

1. Президенттин компетенциясына кирген мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу чечимдер Президент тарабынан Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Президенттин тескемеси формасында кабыл алынат.

2. Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жана мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу чечимдер Өкмөт тарабынан Өкмөттүн тескемеси формасында кабыл алынат.

3. Эл аралык келишимди түзгөн каттар же болбосо ноталар менен алмашуу жолу менен Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүсү болжолдонгон мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата чечим Президент же өз компетенциясы боюнча Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын тиешелүү катын же нотасын жактыруу тууралуу тескеме формасында кабыл алынат.

4. Эл аралык келишимдин долбоорун (Кыргыз Республикасынан нотанын же каттын долбоорун эгерде эл аралык келишимди эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүү болжолдонгон учурда) жактыруу тууралуу чечим эл аралык келишимге кол коюу чечими дегендикти билдирет.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы N 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-берене. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди парафирлөө жана кол коюу

1. Президент мамлекет башчысы катары Конституцияга жана эл аралык укукка ылайык атайын ыйгарым укуктарысыз мамлекеттер аралык эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен аларды парафирлейт жана кол коет.

2. Премьер-министр Өкмөт башчысы катары эл аралык укукка ылайык атайын ыйгарым укуктарсыз мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана кол коет.

3. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси эл аралык укукка ылайык атайын ыйгарым укуктарсыз эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана кол коет.

4. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдун алдындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы жүргөн мамлекет менен же ушул эл аралык уюмдун алкактарында эл аралык келишимди түзүү жөнүндө тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көрсөтмөсүнүн негизинде атайын ыйгарым укуктарсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.

10-берене. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, парафирлөөгө же эл аралык келишимдерге кол коюуга ыйгарым укуктар

1. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктар төмөнкү кызмат адамдарына берилет:

1) Президенттин компетенциясына кирген мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата, - Президент тарабынан;

2) Өкмөттүн компетенциясына кирген өкмөттөр аралык эл (аралык келишимдердин, ошондой эле мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата, - Премьер-министр тарабынан.

2. Эл аралык келишимдерди парафирлөөгө жана аларга кол коюуга ыйгарым укуктар төмөнкү кызмат адамдарына берилет:

1) Президенттин компетенциясына кирген мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата, - Премьер-министри менен макулдашуу боюнча Президент тарабынан тескеме формасында;

2) Өкмөттүн компетенциясына кирген өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин, ошондой эле мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата, - Өкмөт тарабынан тескеме формасында.

11-берене. Ратификациялоого жаткан эл аралык келишимдер

1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан кол коюлган же эл аралык конференцияларда добуш берүү жолу менен кабыл алынган төмөнкү мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер ратификациялоого жатат:

1) достук, өз ара жардамдашуу, ошондой эле мамлекеттер аралык мамилелердин башка негиздери жөнүндө;

2) аскердик жаатта кызматташууну белгилөө тууралуу;

3) куралсыздандыруу маселелери боюнча;

4) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча;

5) жамааттык коопсуздук жөнүндө;

6) Кыргыз Республикасын башка мамлекеттер менен аймактык чектөөчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары жөнүндө;

7) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттерге мамлекеттик зайымдарды, экономикалык жана башка жардамдарды берүүсү жөнүндө;

8) адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин козгогон маселелер боюнча;

9) эгерде мындай келишимдер Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктарынын бөлүгүн жүзөгө ашырууну өткөрүүнү караса же алардын органдарынын чечимдеринин Кыргыз Республикасы үчүн юридикалык милдеттүүлүгүн белгилесе, Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык союздарга, эл аралык уюмдарга жана башка мамлекеттер аралык бирикмелерге катышуусу тууралуу;

10) Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын эл аралык укуктун башка субъекттеринин пайдалануусу тууралуу;

11) Кыргыз Республикасына насыяларды берүү боюнча;

12) келишимдин жоболорунда ушул бөлүктүн 14-пунктунда белгиленген ченемдер каралган гранттарды жана башка каржылык жардамды Кыргыз Республикасына берүү боюнча;

13) республикалык бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгаша бөлүгүнүн көбөйүүсүнө же болбосо анын киреше бөлүгүнүн азаюусуна алып келүүчү Кыргыз Республикасы тараптан каржылык милдеттенмелерди караган;

14) ушул Мыйзамдын 21-беренесин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарында, кодекстеринде же мыйзамдарында камтылгандардан башка эрежелерди белгилеген;

15) эгерде эл аралык келишимдин өзүндө аны ратификациялоо каралган учурда.

2. Эл аралык укуктун ченемдерине ылайык тараптар ратификациялоо жөнүндө келишишкен мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер да Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга жатат.

3. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга жатпайт:

1) (КР 2015-жылдын 9-июнундагы N 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

2) парламенттер аралык эл аралык келишимдер;

3) ведомстволор аралык эл аралык келишимдер.

4. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер аларга ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга жаткан укуктук ченемдерди камтыбашы керек.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы N 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-берене. Эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштар

1. Кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, компетенциясына мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер кирген Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары ушундай эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунушту тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Өкмөткө киргизишет.

2. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштар Өкмөт тарабынан жактырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык алар тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилет.

3. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштарга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн эл аралык келишимдин текстинин көчүрмөсү (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн ноталардын же каттардын көчүрмөлөрү - эгерде эл аралык келишим эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн учурда;

2) аны ратификациялоонун максатка ылайыктуулугунун негиздемелери;

3) ратификациялоо үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлору;

4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.

4. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштар Өкмөткө киргизилгенге чейин компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары менен макулдашылат.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы N 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-берене. Эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө чечим

Эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш тарабынан Мыйзам формасында (ратификациялоо жөнүндө Мыйзам) кабыл алынат, ал кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Президент тарабынан кол коюуга жатат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын белгилөөчү жана өзгөртүүчү эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добушу менен Мыйзам формасында (ратификациялоо жөнүндө Мыйзам) кабыл алынат.

14-берене. Ратификациялык грамота

Эгерде бул Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ошондой эле ушул эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кийинки мыйзамынын тиешелүү ченеминин негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ратификациялык грамота чыгарат, ага Президент кол коет жана анын мөөрү, ал эми андан кийин - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин колу жана мөөрү менен бекитилет.

15-берене. Ратификациялык грамоталарды алмашуу, ошондой эле ратификациялык грамоталарды сактоого берүү

Эгерде бул Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ошондой эле ушул эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кийинки мыйзамынын тиешелүү ченеминин негизинде ратификациялык грамоталарды алмашуу, ошондой эле ратификациялык грамоталарды сактоого депозитарийге (депозитарийлерге) берүү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо анын тапшырмасы боюнча - Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы дипломатиялык өкүлчүлүгү же туруктуу өкүлү тарабынан жүргүзүлөт.

Ратификациялык грамоталарды эсепке алуу жана каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

16-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар Өкмөткө кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан, ошондой эле ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, компетенциясына ушундай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер кирген Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет.

2. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболор камтылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар Өкмөт тарабынан жактырылгандан кийин алар тарабынан Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык киргизилет.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштарды Өкмөткө киргизүүдө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) эл аралык келишимдин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнүн) көчүрмөсү;

2) эл аралык келишимге кошулуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемеси, андан ары ишке ашыруунун механизми;

3) кошулуу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлору;

4) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууну күбөлөндүргөн документ;

5) юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишимдин долбоорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайыктуулугуна баасы;

6) каржы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишимге кошулуунун мүмкүн болуучу каржылык кесепеттери жөнүндө баасы;

7) Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун эл аралык келишимге кошулууда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө баасы;

8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө сунуштар Өкмөткө киргизилгенге чейин компетенттүү орган тарабынан ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, ошондой эле алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары менен макулдашылат.

5. Жогорку Кеңеш жана сот бийлигинин органдары Жогорку соттун атынан төмөнкүлөрдү сунуштай алат:

1) Президентке Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө маселени кароону;

2) Премьер-министрге Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге же Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө маселени Өкмөт тарабынан кароону.

6. Президент же Премьер-министр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн сунуштамалары менен макул болгон учурда, Президент же Премьер-министр Өкмөткө кийин киргизүү үчүн ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык тиешелүү эл аралык келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сунушту иштеп чыгууну жана макулдашууну министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго тапшырат же болбосо Президенттин жана Премьер-министрдин сунушу боюнча жогоруда көрсөтүлгөн иштеп чыгуу жана макулдашуу ушундай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдарына жүктөлөт.

17-берене. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге Кыргыз Республикасынын кошулуусу

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынат:

1) ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболор камтылган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге карата, - Жогорку Кеңеш тарабынан Мыйзам (кошулуу жөнүндө Мыйзам) формасында, ал кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Президент тарабынан көл коюуга жатат;

2) башка мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге карата, - Өкмөт тарабынан ченемдик укуктук актыны кабыл алуу аркылуу.

17-1-берене. Кошулуу жөнүндө грамота жана аны депозитарийге сактоого берүү

1. Эгерде бул Кыргыз Республикасы кошула турган мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ошондой эле ушул эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же болбосо Өкмөттүн токтомунун негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кошулуу жөнүндө грамота чыгарылат, ага Президент кол коет жана анын мөөрү, ал эми андан кийин - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин колу жана мөөрү менен бекитилет.

2. Эгерде бул Кыргыз Республикасы кошула турган мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ошондой эле ушул эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же болбосо Өкмөттүн токтомунун негизинде депозитарийге (депозитарийлерге) сактоого кошулуу жөнүндө грамотаны тапшыруу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо анын тапшырмасы боюнча эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан жүргүзүлөт.

3. Кошулуу жөнүндө грамоталарды эсепке алуу жана каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы N 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-берене. Ратификациялоого жатпаган эл аралык келишимдерди бекитүү тууралуу чечим

1. Эл аралык келишимдерди бекитүү тууралуу чечим Өкмөт тарабынан токтом формасында кабыл алынат.

2. Төмөнкүлөр бекитилүүгө жатат:

1) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан кол коюлган, ратификациялоого жатпаган, бирок мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышын караган же болбосо аларды бекитүүнү караган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер;

2) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан кол коюлган, мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышын же болбосо аларды бекитүүнү караган ведомстволор аралык эл аралык келишимдер.

3. (КР 2015-жылдын 9-июнундагы N 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Эл аралык келишимдерди бекитүү тууралуу сунуштар ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 1, 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленгенге окшош тартипте берилет.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы N 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-1-берене. Кыргыз Республикасы түзгөн белгилүү бир категориядагы эл аралык келишимдердин күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу өзгөчөлүгү

Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору, ошондой эле башка тиешелүү мамлекеттик органдары мындай эл аралык келишимдердин белгилүү бир категориясы үчүн Өкмөт белгилеген мөөнөттөрдө аларды ратификациялоо же бекитүү жөнүндө сунуштарды киргизишет.

(КР 2017-жылдын 27-мартындагы N 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-берене. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдин Конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө маселенин Жогорку соттун Конституциялык палатасы тарабынан каралышы

Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдин Конституцияга ылайыктуулугу жөнүндө маселени Жогорку соттун Конституциялык палатасы тарабынан кароо Жогорку соттун Конституциялык палатасы тарабынан Жогорку соттун Конституциялык палатасы жөнүндө конституциялык Мыйзамдын шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.

20-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ортосунда келип чыккан карама-каршылыктарды жоюу зарыл болгон учурларда же болбосо эгерде эл аралык келишимдерди ишке ашыруу максаттарында Мыйзам же башка ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору зарыл ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Өкмөткө киргизет.

21-берене. Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык келишимдердин милдеттүүлүгүнө макулдук билдирүүнүн өзгөчө тартиби

Эгерде эл аралык келишим Конституциянын айрым жоболорун өзгөртүүнү талап кылган эрежелерди камтыса, Кыргыз Республикасы үчүн анын милдеттүүлүгүнө макулдук жөнүндө чечим Конституцияга белгиленген тартипте тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана Мыйзам формасында кабыл алынышы мүмкүн.

22-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин убактылуу колдонулушу

1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер же алардын бөлүктөрү күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык укуктун ченемдерине ылайык убактылуу колдонулушу мүмкүн.

2. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди же алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасы тарабынан убактылуу колдонулушу жөнүндө чечим андай эл аралык келишимдерге кол коюу жөнүндө чечим кабыл алган мамлекеттик кызмат адамы же мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасы тарабынан убактылуу колдонулуучу мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер (алардын бөлүктөрү), алар күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдериндей эле тартипте аткарылууга жана сакталууга жатат.

23-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин убактылуу колдонулушун токтотуу

1. Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (алардын бөлүктөрүнүн) убактылуу колдонулушун токтотот, эгерде:

1) Өкмөт ушул Мыйзамдын 18-беренесине ылайык бекитилүүгө жаткан убактылуу колдонулуп жаткан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди бекитпөө жөнүндө биротоло чечим кабыл алса;

2) Өкмөт ушул Мыйзамдын 11-беренесине ылайык ратификациялоого жаткан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди Жогорку Кеңешке ратификациялоого киргизбөө жөнүндө биротоло чечим кабыл алса;

3) Жогорку Кеңеш Өкмөт тарабынан ратификациялоого киргизилген мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялабоо жөнүндө биротоло чечим кабыл алса.

2. Мамлекеттик органдар тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимдер кабыл алынган учурда, ошондой эле ушул чечимдердин тиешелүү жоболорунун негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же буга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы депозитарийге же эл аралык келишимди убактылуу колдонгон тараптарга тиешелүү кабарлоо жиберет.

24-берене. Эл аралык келишимдердин күчүнө кириши жана колдонулуу мөөнөтү

1. Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык келишимдер эл аралык келишимдердин өзүндө каралган тартипте жана мөөнөттөрдө, ошондой эле эл аралык укуктун ченемдерине ылайык күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдеринин күчүнө кириши жөнүндө билдирүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

25-берене. Эл аралык келишимдерге карата эскертмелер

1. Көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коюуда, ратификациялоодо, бекитүүдө же эл аралык келишимдерге кошулууда эл аралык укуктун тиешелүү ченемдерин сактоо менен эскертмелер жасалышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасы тарабынан кийин ратификациялоого же бекитүүгө жаткан көп тараптуу эл аралык келишимдерге карата кол коюуда (эл аралык келишимдин текстинин аутенттүүлүгүн белгилөөдө) Кыргыз Республикасы тарабынан жасалган эскертмелер Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоодо же бекитилүүдө тиешелүү ченемдик укуктук актыда баяндоо аркылуу ырасталууга тийиш.

3. Эскертмелер алар кандай тартипте жасалса, ошондой эле тартипте кайра алынышы мүмкүн.

4. Эл аралык келишимдердин башка тарабы жасаган эскертмелерди кабыл алуу келишимдин өзүнүн шарттарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

Эл аралык келишимдердин башка тарабы жасаган эскертмелер, эгерде Кыргыз Республикасы он эки айдын ичинде андай эскертмелерге карата каршы пикирин билдирбесе, Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.

5. Эл аралык келишимдин тарабы жасаган эскертмелерге карата Кыргыз Республикасынын каршы пикири андай эл аралык келишимдин шарттарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

Эл аралык келишимдин тарабы жасаган эскертмеге карата Кыргыз Республикасынын каршы пикири жөнүндө сунуштары ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1, 3, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн жана 7-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрүнүн тиешелүү жоболорунда белгиленген тартипте киргизилет жана макулдашылат.

6. Кыргыз Республикасы эки тараптуу эл аралык келишимдерге карата эскертмелерди колдонбойт.

3-глава. Эл аралык келишимдерди жарыялоо, каттоо жана сактоо

26-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жарыялоо

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте жарыяланат.

2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин чет тилдерде жазылган аутенттүү тексттери мамлекеттик же расмий тилдерге которулуп жарыяланат. Эл аралык келишимдер башка тилдерде да жарыяланышы мүмкүн.

27-берене. Эл аралык келишимдерди каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму

Эл аралык келишимдерди каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик тутуму тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Өкмөт тарабынан белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

28-берене. Эл аралык келишимдерди эл аралык уюмдарда каттоо

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорунда же болбосо эл аралык укуктун ченемдеринде каралган башка ыкма менен Кыргыз Республикасына эл аралык келишимдерди эл аралык уюмдарда каттоо милдети жүктөлсө, андай каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасы өзүнүн жеке демилгеси боюнча да Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимин эл аралык уюмдарда каттоого укуктуу.

29-берене. Эл аралык келишимдердин түп нускаларын (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн) сактоо

1. Эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен түзүлгөн учурда, Кыргыз Республикасы түзгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн) түп нускаларын сактоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен түзүлгөн учурда, Кыргыз Республикасы түзгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) түп нускалары аларга кол коюлган күндөн (депозитарийден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алгандан) тартып эки жумалык мөөнөттө тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактоого өткөрүлөт.

Эгерде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдер каттарды же ноталарды алмашуу жолу менен түзүлгөн учурда, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү), ошондой эле каттардын жана ноталардын (каттардын жана ноталардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) түп нускалары келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде күбөлөндүрөт жана алардын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызыкдар мамлекеттик органдарына жиберет.

2. Кыргыз Республикасы түзгөн ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин түп нускалары (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиешелүү мамлекеттик органдардын архивдеринде сакталат.

Тиешелүү мамлекеттик органдар ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге кол коюлган (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алган) же каттарды алмашуу жолу менен алардын корутундуларын алган күндөн тартып эки жуманын ичинде күбөлөндүрөт жана алардын көчүрмөлөрүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.

30-берене. Депозитарийдин функцияларын жүзөгө ашыруу

1. Эгерде ушул эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык андай функциялар Кыргыз Республикасына жүктөлсө, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык көп тараптуу келишимдердин депозитарийинин функцияларын жүзөгө ашырат.

2. Чет мамлекеттер (алардын органдары), эл аралык уюмдар (алардын органдары) же көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийинин функцияларын аткаруучу алардын башкы аткаруучу кызмат адамдары менен кат алышуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

3. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин күчүнө киргендиги жөнүндө, ошондой эле алардын колдонулушун токтото туруу же болбосо мындай келишимдерди денонсациялоо жөнүндө Жогорку Кеңешке маалымдайт.

4-глава. Эл аралык келишимдерди сактоо жана аткаруу

31-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин сактоо

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери эл аралык укуктун ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан кыйшаюусуз сакталууга жатат.

2. Кыргыз Республикасы өзү кол койгон эл аралык келишим ал үчүн күчүнө киргенге чейин эл аралык укуктун тиешелүү ченемдерин эске алуу менен, келишимди анын объектинен жана максатынан ажыратышы мүмкүн болгон аракеттерден карманып турат.

32-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруу

1. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген учурдан тартып эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү аткарылууга жатат.

2. Өкмөт Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик жүктөлө турган тиешелүү министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, администрациялык ведомстволорду жана кызмат адамдарын аныктайт.

3. Өкмөттүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттерди аткаруу жоопкерчилиги андай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген башка тиешелүү мамлекеттик органдарга жүктөлөт.

4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген башка тиешелүү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасы тарабынан андай эл аралык келишим боюнча кабыл алган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат, ушул эл аралык келишимдерден келип чыккан Кыргыз Республикасына таандык укуктарды ишке ашырат, ошондой эле башка тараптардын көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерди алардын милдеттенмелерин сактоосун жана аткаруусун байкоого алат.

5. Өкмөт Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

33-берене. Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык келишимдердин милдеттүүлүгүнө алар аркылуу макулдук билдирилүүчү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана ченемдик укуктук актыларын чечмелөө

Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин чечмелөө эл аралык укуктун ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык келишимдердин милдеттүүлүгүнө алар аркылуу макулдук билдирилген ченемдик укуктук актыны кабыл алган мамлекеттик орган аларга карата көрсөтүлгөн макулдук билдирилген эл аралык келишимдерди чечмелебестен ченемдик укуктук актынын өзүн расмий чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) жүзөгө ашырат.

34-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин сакталышын жана аткарылышын жалпы байкоо

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин сакталышын жана аткарылышын жалпы байкоого алуу максаттарында тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, ошондой эле компетенциясына эл аралык келишимдерди жөнгө салуу боюнча маселелер кирген Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдарынан андай эл аралык келишимдердин сакталышынын жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат суроого укуктуу.

35-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери анын башка катышуучулары тарабынан бузулган учурларда көрүлүүчү чаралар

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттенмелер анын башка катышуучулары тарабынан бузулган учурда, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же башка кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Өкмөткө эл аралык укуктун ченемдерине жана келишимдин өзүнүн шарттарына ылайык зарыл чараларды көрүү жөнүндө сунуштарды берет.

5-глава. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жараксыздыгы, колдонулушунун токтотулуп турушу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу)

36-берене. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдердин жараксыздыгы

1. Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишим эл аралык укуктун ченемдерине ылайык жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимди жараксыз деп таануу үчүн эл аралык укуктун ченемдеринде каралган негиздер болсо, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же башка кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары алардын компетенциясына ылайык тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча эл аралык укуктун ченемдерине ылайык алардын жарактуулугун талашуу тууралуу сунушу менен андай эл аралык келишимдердин жараксыздыгына негиздеме берет:

1) Президентке, Премьер-министр менен макулдашуу боюнча, - мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерге карата;

2) Өкмөткө - Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өкмөттөр аралык же мамлекеттер аралык, ошондой эле ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге карата.

37-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу)

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) эл аралык укуктун ченемдерине ылайык болушу мүмкүн.

38-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу же андан чыгуу) жөнүндө сунуштар

1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар ушул Мыйзамдын 39-беренесин эске алуу менен Өкмөткө тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, ошондой эле ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, андай эл аралык келишимдер менен жөнгө салуу маселелери компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан киргизилет.

2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө ушул мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболорду камтыган сунуштар Өкмөт тарабынан алар жактырылгандан кийин алар тарабынан Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык киргизилет.

3. Өкмөткө киргизүүдө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштарга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн эл аралык келишимдин көчүрмөсү (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).

Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн ноталардын же каттардын көчүрмөлөрү - эгерде эл аралык келишим эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн учурда;

2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруунун же денонсациялоонун (токтотуунун, андан чыгуунун) максатка ылайыктуулугунун негиздемеси;

3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) үчүн зарыл болгон тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;

4) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууну ырастоочу документ;

5) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) менен байланыштуу өзгөртүүнүн, толуктоонун, колдонулушун токтото туруунун, күчүн жоготту деп таануунун же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун зарылдыгына юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу;

6) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруунун же денонсациялоонун (токтотуу, андан чыгуу) мүмкүн болуучу каржылык кесепеттери жөнүндө финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын баасы;

7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин колдонулушун токтото туруунун же денонсациялоонун (токтотуу, андан чыгуу) мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, ошондой эле алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдарынын баасы;

8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка документтер.

4. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар аларды Өкмөткө киргизгенге чейин компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, ошондой эле ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдары менен макулдашылат.

5. Жогорку Кеңеш жана сот бийлигинин органдары Жогорку Соттун атынан төмөнкүлөрдү сунуштоосу мүмкүн:

1) Президентке Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө маселени кароону;

2) Премьер-министрге Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин же мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө маселени Өкмөт тарабынан кароону.

6. Президент же Премьер-министр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн сунуштамалары менен макул болгон учурда Президент же Премьер-министр Өкмөткө кийин киргизүү үчүн ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунушту иштеп чыгууну жана макулдашууну министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго тапшырат же болбосо Президенттин же Премьер-министрдин сунушу боюнча жогоруда көрсөтүлгөн иштеп чыгуу жана макулдашуу андай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мамлекеттик органдарына жүктөлөт.

(КР 2015-жылдын 9-июнундагы N 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө чечим

Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынат:

1) Өкмөт тарабынан - тиешелүү ченемдик укуктук актыларды тиешелүүлүгүнө жараша Президент же Өкмөт тарабынан чыгаруу жолу менен, алардын милдеттүүлүгүнө макулдук билдирилген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине карата;

2) Жогорку Кеңеш тарабынан - Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Президент тарабынан кол коюуга жаткан тиешелүү мыйзамды кабыл алуу жолу менен, алардын милдеттүүлүгүнө макулдук билдирилген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине карата.

40-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө кабарландыруу

1. Мамлекеттик органдар тарабынан ушул Мыйзамдын 39-беренесинде көрсөтүлгөн чечимдер кабыл алынган учурда, ошондой эле ушул чечимдердин тиешелүү жоболорунун негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же Кыргыз Республикасынын буга ыйгарым укуктуу башка мамлекеттик органы депозитарийге же эл аралык келишимдин башка тараптарына тиешелүү кабарлоо жиберет.

2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин колдонулушун токтото туруу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө билдирүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

41-берене. Эл аралык келишимдердин колдонулушун токтото туруунун жана токтотуунун кесепеттери

1. Эгерде келишимде башкача каралбаса же анын башка катышуучулары менен башкача макулдашылбаса, эл аралык келишимдин колдонулушун токтото туруу Кыргыз Республикасын келишимдин колдонулушу алар менен токтотула турган келишимдин катышуучулары менен өзүнүн мамилелеринде келишимди токтото туруу мөөнөтүнүн ичинде аткаруу милдеттенмесинен бошотот жана калган учурларда Кыргыз Республикасынын келишиминде белгиленген анын башка катышуучулары менен укуктук мамилелерине таасир тийгизбейт.

2. Эл аралык келишимдин колдонулушу токтотулуп турган мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары келишимдин колдонулушун жаңыртууга жолтоо боло турган аракеттерди жасоодон карманышат.

3. Эгерде келишимде башкача каралбаса же анын башка катышуучулары менен башкача макулдашылбаса, эл аралык келишимдин колдонулушун токтотуу Кыргыз Республикасын андан ары келишимди аткаруудагы бардык милдеттеринен бошотот жана анын колдонулушу токтотулганга чейин келишимди аткаруунун натыйжасында пайда болгон Кыргыз Республикасынын укуктарына, милдеттенмелерине же юридикалык абалына таасир тийгизбейт.

6-глава. Корутунду жоболор

42-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 9-майында N 35 жарыяланды

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

"Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 89 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 14-ст.);

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 27-июнундагы № 110 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 375-ст.);

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 5-декабрындагы № 197 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 965-ст.);

"Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 28-апрелиндеги № 64 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 4, 367-ст.);

"Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-июлундагы № 115 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1018-ст.).


Кыргыз Республикасынын Президенти


А.Атамбаев




2014-жылдын 9-апрелинде


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу