2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыктарын изденип алууга конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссиянын жыйыны

5.01.2021
Кыргыз Республикасынын Сапат Сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Кеңеш 2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат Сыйлыктарына төмөнкү номинациялар боюнча конкурс жарыялайт: - Эт жана эт азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын арасында; - Жаңы инновациялык технологияларды өндүрүшкө киргизген илимий-изилдөө институттары; - Үрөн чарбалары; - Асыл тукумдуу малды көбөйтүүчү чарбалар. 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Сапат Сыйлыгы үчүн конкурс өткөрүү маселелерин талкуулоо: - КР Сапат сыйлыгынын критерийлери; - конкурска катышуунун негизги шарттары; - конкурска катышуу үчүн материалдарды берүү тартиби; - конкурсанттарды-уюмдарды баалоо методикасы; - материалдарды жана жер-жерлерде конкурска катышкан уюмдарды экспертизадан өткөрүү тартиби; - конкурска катышуучулар үчүн анкета иштеп чыгуу. Бүгүнкү күндө Кеңештин техникалык катчылыгына 30 өтүнмө келип түшкөн Кеңештин техникалык катчылыгына өтүнмө берүүнүн акыркы мөөнөтү - 30-январь 2021-ж. Бардык суроолор боюнча Кеңештин техникалык катчылыгына төмөнкү эл.дарек nism@nism.gov.kg, qms@nism.gov.kgaytmurzaeva@nism.gov.kg , k.aidaralieva@nism.gov.kg, жана 0312 66 22 81, 66 04 08, 62 57 71 тел. аркылуу кайрылыңыздар.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу