Лицензия
Здравствуйте! Как можно получить лицензию на пожарную сигнализацию и на обработку деревянных конструкций?
Ответ на вопрос:

Министрлик өрткө каршы автоматика каражаттарын куроо жана орнотуу жана жыгач конструкцияларды оттон коргоо ишмердүүлүктү лицензиялоо боюнча кайрылууну карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, куроо, жөндөө жана оңдоо жана жыгач конструкцияларды жана күйө турган театралдык экспозициялык жабдууларды оттон коргоо боюнча иштер лицензияланууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрында № 678 токтому менен кабыл алынган Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 60-главасына ылайык аталган лицензия өрт коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет. Ушуга байланыштуу аталган лицензияны алуу үчүн министрлик Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылууну өтүнөт.

Задать вопрос
Поиск
Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение