“Жашыл экономика – 2022” Резолюциясы

13 Декабрь 2022
1089

“Жашыл экономика – 2022”: “Борбордук Азияда жашыл экономиканы өнүктүрүү Регионалдык Форумунун

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ


2022 -жылдын 11 - ноябры                                                                                                                                                    Кыргыз Республикасы

                                                                                                                                                                                                             Бишкек шаары


         Региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн келип чыккан чакырыктарды потенциалдуу мүмкүнчүлүктөргө трансформациялоо максатында, учурдагы экономикалык белгисиздикти, климаттын өзгөрүшүн жана COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин эске алуу менен, бардык кызыкдар тараптардын – мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүнүн күч-аракеттерин консолидациялоо маанилүү. 

         Климаттын өзгөрүшүнүн орун алган кесепеттери, азыркы экономикалык белгисиздиктин шартында Борбордук Азия чөлкөмүнүн өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чечимдерди издөө зарылдыгы мамлекеттик органдарды жана бизнес-коомчулукту жашоо тиричиликтин жашыл, туруктуу принциптерине бир  өлкөнүн масштабында гана эмес, бүтүндөй региондо активдүү өтүү зарылчылыгы жөнүндө ойлонууга мажбур кылууда. 

         Ушуларды эске алуу менен 2022 -жылдын 11 – ноябрында Бишкек шаарында “Жашыл экономика – 2022”: “Борбордук Азияда жашыл экономиканы өнүктүрүү Регионалдык Форуму болуп өттү.

         Форумдун негизги максаты - жашыл транспортту, туруктуу туризмди жана туруктуу каржылоону өнүктүрүү чөйрөсүндө аймактын бардык кызыкдар тараптарынын ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү; алардын потенциалын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу; Борбордук Азиянын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн илгерилетүү боюнча бирдиктүү позицияларды иштеп чыгуу.

         Экономикалык өнүгүүнүн учурдагы моделин туруктуу өнүгүү моделине которуу процесси бардык кызыкдар тараптардын активдүү катышуусун жана координациясын талап кылаарын баса белгилей кетүү керек. Бул процессте мамлекеттин «жашыл» саясатын иштеп чыгууда жана аны ишке ашырууда жигердүү позицияны ээлей баштаган жеке секторго маанилүү роль таандык.

         Бүткүл  экономиканы өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү жеке сектор экенин эске алып, “Жашыл экономика-2022” регионалдык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин координациялоосунда, тиешелүү бизнес-ассоциациялар, атап айтканда «ЖИА» Бизнес Ассоциациясы, Кыргыз Туроператорлор Ассоциациясы, Кыргызстан Банктар Бирлиги Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өнөктөштөрү менен биргеликте Борбордук Азияда жашыл транспортту, туруктуу туризмди жана туруктуу каржылоону өнүктүрүү маселелери боюнча пленардык жыйындарды өткөрүштү.

         «Жашыл экономика-2022» регионалдык форумунун алкагында катышкан өлкөлөрдүн жашыл транспортту, туруктуу туризмди жана туруктуу каржылоону илгерилетүү боюнча тажрыйбасы көрсөтүлүп, Борбордук Азияны туруктуу өнүктүрүү максатында биргелешкен аймактык кызматташуу боюнча негизги сунуштар аныкталды, алар төмөндө көрсөтүлгөн.

         Жашыл транспорт боюнча:

         - 2028-жылга чейин Кыргыз Республикасы үчүн ЕАЭБге электромобилдерди ташып келүүдө нөлдүк алымды узартууга жетишүү, мүмкүн болсо, алымсыз ташып келүүнү мөөнөтсүз кылуу;

         - Электр транспортун сатып алуу үчүн узак мөөнөттүү каржылоо боюнча банк инструменттерин иштеп чыгуу;

         - Акыркы керектөөчүлөр үчүн наркты азайтуу максатында юридикалык жактарды электр транспортун жана кубаттоочу станцияларын сатууда КНС төлөөдөн бошотуу;

         - Кыргыз Республикасында электромобилдерди өндүрүү/жыйноону ишке киргизүү;

         - мамлекеттик жеңилдиктердин бири катары электр транспортуна идентификациялык номерлерди киргизүү;

         - мамлекеттик жеңилдиктердин бири катары кубаттоочу станциялар менен электр транспорту үчүн акысыз токтоочу жайлар менен камсыздоо;

         - юридикалык жактар үчүн электромобилдердин импортун жөнөкөйлөтүү, транспорт каражаттарынын түрүн жактырууну транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүккө алмаштыруу жолу менен. ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык юридикалык жактар өндүрүүчүдөн транспорт каражаттарынын түрүн жактырууну алуусу керек, мында өтүнмөнү алууга бир гана завод-даярдоочу же анын алуучу өлкөдөгү расмий өкүлү гана бере алат;

         - Кыргыз Республикасынын аймагында берилген транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктү ЕЭАБ сертификаттарынын базасы менен шайкеш келтирүү;

         - электр автобустар менен калкты тейлөөнү камсыз кылуу;

         - кубаттоочу станциялардын инфратүзүмдөрүн түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында шарттарды кароо;

         - электр тарнспортторунун альтернативдүү түрлөрү үчүн шарттарды түзүү, мисалы: эко-байкалар, скутерлер, самокаттар, велосипеддер;

         - Кыргыз Республикасынын аймагына электромобилдерди ташып келип сатуу менен алектенген ишкерлерди ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймагына сатууга (реэкспорт) болбой тургандыгын маалымдоо; 

         - жашыл экономикага өтүүнүн артыкчылыктары тууралуу Кыргыз Республикасынын калкына маалымат кампанияларын/үгүт иштерин жүргүзүү.


         Туруктуу туризм боюнча

         - туруктуу регионалдык туристтик пакеттерди илгерилетүү үчүн айыл жергесинде жайгаштыруунун минималдуу туруктуу стандарттарын бир түргө алып келүү (конок үйлөру жана боз үй лагерлери);

         - туруктуу регионалдык туристтик пакеттерди мындан ары биргелешип илгерилетүү үчүн жалпы таанылган эко-маркаларды иштеп чыгуу;

         - жакынкы жана алыска чет өлкөлөрдөн келген туристтер үчүн туруктуу регионалдык туристтик пакеттерди иштеп чыгуу жана илгерилетүү (вело жана эко ралли продуктуларын кошо);

         - коңшу өлкөлөрдүн ортосунда чек араны кесип өтүүдө топтошкон туристтерди тез өткөрүүнү камсыз кылуу;

         - туруктуу туризм жаатында мындан ары кызматташуу үчүн өлкөнүн региондорунун бизнес ассоцияциялары жана мамлекеттик, академиялык секторлор ортосунда тажрыйба алмашууну камсыз кылуу;

         - туруктуу регионалдык туристтик пакеттерди илгерилетүүнүн алкагында өлкөнүн региондорунун инфратүзүмдүк потенциалын жогорулатуу жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда координациялоону күчөтүү;

         - туруктуу туризмди илгерилетүү жаатында жетишкендиктер, маалыматтар менен алмашууну күчөтүү, анын ичинде учурдагы мамлекеттик программалар жана мамлекеттик колдоо;

         - туруктуу туризм боюнча сабактарды жогорку окуу жайларынын жана башка билим берүү түзүмдөрүнүн программаларына киргизүү.


         Туруктуу каржылоо боюнча


         -Кыргыз Республикасында Туруктуу каржылоонун Жол картасын жеткире иштеп чыгуу жана бекитүү;

         - бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен жашыл таксономия долбоорун иштеп чыгууну баштоо (мамлекеттик органдар, финансы жана жеке секторлор, эл аралык өнөктөштөр жана өнүктүрүү институттары).

         -  мамлекеттик органдар, финансы/банк сектору жана бизнес-ассоцияциялар үчүн жашыл таксономияны иштеп чыгуу, киргизүү жана колдонуу бөлүгүндө негизги оюнчулардын дараметин жогорулатуу;

         - ESG аспектилери менен Жашыл экономика жана Туруктуу каржылоо принциптери маселелеринде финансы рыногунун катышуучуларынын дараметин жогорулатуу боюнча билим берүү- агартуу программаларын киргизүү.


         Экономиканын секторлору боюнча жашыл интервенцияларды имплементациялоо жана жашыл экономиканын жетишкендиктери боюнча маалыматтар жана тажрыйбалар менен алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналгандыктан, Жашыл экономика Форуму акырындык менен регионалдык деңгээлге чыгууда жана кийинки жылдары Борбордук Азияда туруктуу жашыл аймакты илгеритлетүүнүн алкагында регионалдык интеграцияга жана кызматташтыкка багытталат.

Мындан тышкары, Борбордук Азиянын туруктуу, жашыл аймагын илгерилетүүнүн алкагында регионалдык интеграциялоо жана кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн “Жашыл экономика” Форумунун аянтчасын эки жылда бир жолу колдонуу сунушталат.

         Кезектеги “Жашыл экономика” регионалдык Форуму 2023-жылы өткөрүлөөрүнө макул болуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение