КР Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.Кожошев: “1-жолу тарыхта бюджеттик планды 31 млрд. сомго ашыгы менен аткардык”

Новости
10 Февраль 2022
2681

2022-жылдын 10-февралында өткөн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында ушундай билдирүү менен КР Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.Кожошев оптимисттик маанайда чыгып сүйлөдү. Бул үчүн биз сиздер менен чогуу талбай иштедик. Өткөн 2021-жылдын 13-октябрында жаңы Министрлер кабинети шайланып жатканда коносолиданциялаган бюджетти 280 миллиард сомго аткарабыз деп сөз бергенбиз. Бирок биз тарыхта биринчи жолу секирик жасап, бюджетти 311 млрд. сомго аткардык. Бул деген консолиданциялаган бюджетти 31 млрд. сомго ашыгы менен аткардык дегенди билдирет. Мындай ийгиликке биз салык жана бажы кызматтарын автоматташтыруу жана санариптештирүүнүн эсебинен жетише алдык. 


Андан ары өз сөзүндө А.Кожошев биринчи жолу өзүбүздүн акча каражатыбызга 1,5 млн. доза вакцина сатып алып, элге бекер таратылганын айтты. Экинчиден, 2021-жылы тыштан карыз алынган жок. Мындан тышкары, 30 жылдык тарыхыбызда биринчи жолу өз каражатыбызга аскердик техника сатып алдык деп белгиледи.


2026-жылга чейин 5 жылдык Улуттук программабыз бекитилди. Саясий жылдар артта калды. Эми алдыбызда экогомиканы көтөрүү милдети турат Ал үчүн 3 принципти сактообуз зарыл: бул-мамлекеттин бүтүндүгү, элдин биримдиги, салык төлөө-бул ар бир жарандын милдети. Ушул принциптерди колдонсок, ишибиз илгери жылат эле деген ойлорун айтты. Ал үчүн коллегиянын катышуучуларын жапа тырмак иштешүүгө чакырды.  

Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение