КР халал-индустрия жана ислам банкингинин маселелери талкууланды

Новости
28 Январь 2022
2068

2022-жылдын 25 – 27 – январында КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал-индустрияны өнүктүрүү боюнча борбору” мамлекеттик мекемесинде М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети “Экономика жана финансы өнөктөштөрүнүн Эл аралык Ассоциациянын” Юридикалык жактары бирикмеси менен онлайн режиминде “КР халал-индустриясы жана ислам банкинг” темасында семинар өткөрүлдү.


Семинарды өткөрүүнүн максаты халал-индустриясы жана ислам банкинги боюнча билимдин негиздери жана агартуу иштерин жүргүзүү болуп саналат.


Семинарга мамлекеттик органдар, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле ЖОЖдун окутуучулары  катышты.


КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбору” ММ директору Алмаз Кайырбеков КР халал-индустриясын өнүктүрүү жана укуктук негиздери жөнүндө түшүндүрүп айтып берди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение